Бишкектеги эң арзан базар кайсы билесизби?

Бишкектеги эң арзан базар кайсы билесизби?
8-Окт. 2019, Шейшемби, 16:15

Zaman.kg агенттиги Бишкектин базарларындагы азык-түлүктүн бааларына саресеп салып, баалардын ортосундагы айырмачылыктарды иликтеп көрдү.

Ош базары менен Аламүдүн базарындагы жашылча-жемиштердин баа жагынан аз да болсо айырмачылыгы бар экени байкалды. Иликтөөнүн жүрүшүндө Ош базарында жашылча-жемиштер баа жана сатуу аянты жагынан айырмаланып тураары белгилүү болду. Буга кошумча баалардын өзгөрүшү базардагы орундардан да көз каранды, ошол эле учурда азык-түлүктөрдүн көлөмүнө жараша да болот. Маселен базардын кире беришиндеги жашылча-жемиштердин бааларына караганда, орто, четки жана түпкү жерлерде жайгашкан азык-түлүктөрдүн баалары кыйла арзан.

Төмөндө Ош базарындагы жашылча-жемиштердин орточо баалары берилди:

Картошка - 15 сомдон 20 сомго чейин;

Пияз - 15 сомдон 25 сомго чейин;

Сабиз - 15 сомдон 20 сомго чейин;

Помидор - 20 сомдон 30 сомго чейин;

Алма - (апорт) - 50 сом, (рашида) - 35 сом сомдон, (симерянка) - 70 сом;

Аламүдүн базарында Ош базарына салыштырмалуу баалар анчалык деле жогору эмес.

Аламүдүн базарындагы азык-түлүк баалары:

Картошка - 18 сомдон 25 сомго чейин;

Пияз - 15 сомдон 25 сомго чейин;

Сабиз - 20 сомдон 25 сомго чейин;

Помидор - 20 сомдон 30 сомго чейин;

Алма - 45 сомдон жогору (сортуна жараша) ;

Учурда күз мезгили болгондуктан жогорудагы базарлардагы жер-жемиштерге болгон баанын анчалык деле жогору эместигин көрүүгө болот.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
Ырчы Данияр Эрматов болочок жубайын элге тааныштырды
Ырчы Данияр Эрматов болочок жубайын элге тааныштырды
Талант менен Айя Садырованын жаңы клиби хитке айланабы? (видео)
Талант менен Айя Садырованын жаңы клиби хитке айланабы? (видео)
 Назира Айтбекова: “Жинди кыз дегилечи мага! Жаман көргүлө!”
Назира Айтбекова: “Жинди кыз дегилечи мага! Жаман көргүлө!”
Эртең айрым аймактарда электр жарыгы өчүрүлөт
Эртең айрым аймактарда электр жарыгы өчүрүлөт
Расул Маматкулов “Сүйүнчү! Чоң апам эгиз төрөйт” тасмасына тартылууда
Расул Маматкулов “Сүйүнчү! Чоң апам эгиз төрөйт” тасмасына тартылууда
Зеленскийге окшогон мигрант Интернет жылдызы болду
Зеленскийге окшогон мигрант Интернет жылдызы болду
Абылгазиев электромобилдерге КНС төлөөгө мораторий киргизүүнү тапшырды
Абылгазиев электромобилдерге КНС төлөөгө мораторий киргизүүнү тапшырды
Литвага Американын танктары алынып келинди
Литвага Американын танктары алынып келинди
"Алай" командасынын футболчусу Жоэл Кожо кыргыз кызына баш кошту
Хоббиси менен үйүн казынага айландырды
Хоббиси менен үйүн казынага айландырды
Турдакун Усубалиевдин ысымы бийик чокуга ыйгарылды (фото)
Турдакун Усубалиевдин ысымы бийик чокуга ыйгарылды (фото)
Бишкек 40 миң унаага ылайык, азыр 400 миңден ашык унаа бар
Бишкек 40 миң унаага ылайык, азыр 400 миңден ашык унаа бар
Кыргызстан 282 тонна бал экспорттоду
Кыргызстан 282 тонна бал экспорттоду
Кыргызстан менен Өзбекстандын футболчулары беттешет
Кыргызстан менен Өзбекстандын футболчулары беттешет
Айыл чарба дүң продукциясынын көлөмү 167,6 млрд сомго жетти
Айыл чарба дүң продукциясынын көлөмү 167,6 млрд сомго жетти
Кыргызстандын рыногунда бизнес үчүн PayBox сервиси ишке кирди
Кыргызстандын рыногунда бизнес үчүн PayBox сервиси ишке кирди