Абылгазиев: Айдоочулук күбөлүктүн жаңы бланкалары жарандарга жеткиликтүү болот

Абылгазиев: Айдоочулук күбөлүктүн жаңы бланкалары жарандарга жеткиликтүү болот
8-Окт. 2019, Шейшемби, 16:55

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев жаңы үлгүдөгү бланкаларды киргизүү боюнча өткөн кеңешмеде улуттук жана эл аралык үлгүдөгү айдоочулук күбөлүктүн жаңы бланкалары, ошондой эле транспорт каражаттары тууралуу документ өлкө жарандарына жеткиликтүү болорун билдирди. Бул тууралуу бүгүн, 8-октябрда өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Өкмөт башчы мамлекеттик маанидеги документтерди жана атайын мамлекеттик бланкаларды – жаңы үлгүдөгү айдоочулук күбөлүктү даярдоо боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууга жарыяланган тендердин жыйынтыгы боюнча «Госзнак» ЖЧКсы жеңүүчүлөрдүн бири болгонун белгиледи.

«Мамлекеттик документтер чет өлкөдө эмес, өлкө ичинде даярдалышы керек. Жергиликтүү компания утуп алганы кубандырат. Бул мамлекеттик бюджетке салыктан түшүүчү төлөмдүн көбөйүп жатканын билдирет. Эң маанилүүсү, документ жарандар үчүн жеткиликтүү болуп калды, анан да жаңы айдоочулук күбөлүк бир топ арзандады», – деди Премьер-министр.

Абылгазиев айдоочулук күбөлүктүн бланкаларынын баасы 90% чейин кыскарганын белгиледи.

Белгилей кетсек, мурда улуттук үлгүдөгү күбөлүктүн бланктары курс боюнча 925 сом (12 евро) турчу, азыр алардын баасы 100 сом 86 тыйын. Эл аралык үлгүдөгү айдоочулук күбөлүктүн бланкынын баасы 577 сомдон (7,5 евро) 52 сомго чейин арзандады.

Жаңы улуттук жана эл аралык үлгүдөгү айдоочулук күбөлүктөр 2019-жылдын ноябрь айынын аягында берилип баштайт.

Транспорт каражаттарын каттоо боюнча жаңы үлгүдөгү күбөлүктөр 2019-жылдын 26-июлунда бериле баштаган. Ата мекендик компания – «Госзнак» ЖЧКсы менен келишим түзүлгөндүгүнө байланыштуу, бланканы сатып алуу чыгымы азайды. Эгерде буга чейин жөнөтүүчү менен түзүлгөн келишимге боюнча бланка 770 сом (10 евро) деп бааланып келсе, бүгүнкү күндө ал 192 сомду түзүүдө.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
Ырчы Данияр Эрматов болочок жубайын элге тааныштырды
Ырчы Данияр Эрматов болочок жубайын элге тааныштырды
Талант менен Айя Садырованын жаңы клиби хитке айланабы? (видео)
Талант менен Айя Садырованын жаңы клиби хитке айланабы? (видео)
 Назира Айтбекова: “Жинди кыз дегилечи мага! Жаман көргүлө!”
Назира Айтбекова: “Жинди кыз дегилечи мага! Жаман көргүлө!”
Эртең айрым аймактарда электр жарыгы өчүрүлөт
Эртең айрым аймактарда электр жарыгы өчүрүлөт
Расул Маматкулов “Сүйүнчү! Чоң апам эгиз төрөйт” тасмасына тартылууда
Расул Маматкулов “Сүйүнчү! Чоң апам эгиз төрөйт” тасмасына тартылууда
Зеленскийге окшогон мигрант Интернет жылдызы болду
Зеленскийге окшогон мигрант Интернет жылдызы болду
Абылгазиев электромобилдерге КНС төлөөгө мораторий киргизүүнү тапшырды
Абылгазиев электромобилдерге КНС төлөөгө мораторий киргизүүнү тапшырды
Литвага Американын танктары алынып келинди
Литвага Американын танктары алынып келинди
"Алай" командасынын футболчусу Жоэл Кожо кыргыз кызына баш кошту
Хоббиси менен үйүн казынага айландырды
Хоббиси менен үйүн казынага айландырды
Турдакун Усубалиевдин ысымы бийик чокуга ыйгарылды (фото)
Турдакун Усубалиевдин ысымы бийик чокуга ыйгарылды (фото)
Бишкек 40 миң унаага ылайык, азыр 400 миңден ашык унаа бар
Бишкек 40 миң унаага ылайык, азыр 400 миңден ашык унаа бар
Кыргызстан 282 тонна бал экспорттоду
Кыргызстан 282 тонна бал экспорттоду
Кыргызстан менен Өзбекстандын футболчулары беттешет
Кыргызстан менен Өзбекстандын футболчулары беттешет
Айыл чарба дүң продукциясынын көлөмү 167,6 млрд сомго жетти
Айыл чарба дүң продукциясынын көлөмү 167,6 млрд сомго жетти
Кыргызстандын рыногунда бизнес үчүн PayBox сервиси ишке кирди
Кыргызстандын рыногунда бизнес үчүн PayBox сервиси ишке кирди