Байскан Жолдошева: “Базарда соода мурдагыдай болбой калды”

 Байскан Жолдошева: “Базарда соода мурдагыдай болбой калды”
9-Окт. 2019, Шаршемби, 10:33

Zaman.kg агенттиги Бишкектеги Ош базарынын жашылча-жемиш сатуучу бөлүгүндө 22 жылдан бери ак эмгеги менен нан таап, соода кылып келе жаткан Байскан айымды кепке тартты.

-Өзүңүздү тааныштырып кетсеңиз? Базарда канча жылдан бери иштейсиз?

-Аты-жөнүм Жолдошева Байскан. Бул жерде иштегениме 22 жыл болду. Ош базарында картошка, пияз, сабиз сатып эмгектенип келебиз. Эртең менен саат 00:07де базар ачылып, товарларды жайгаштырып саат 9дар менен соодабыз башталат. Ошентип кечки саат 18:00гө чейин иштейбиз.

-Сыр болбосо жашылчаларга канча сом кошуп сатасыз?

Көп деле акча кошпойбуз. Келген баасына жараша өзүбүздүн чөнтөгүбүзгө ылайыктап, эки-үч сом эле кошобуз. Тапкан акчабыздын жарымын базарга төлөйбүз. Калганын үнөмдөп ошентип оокатчылык кылып жатабыз.

-Картошканы кайсы жерден алып келесиздер? Кайсы картошкага суроо-талап жогору?

-Бизге дыйкандар өздөрү алып келет. Көп жылдан бери алардын кардарыбыз. Кардар тартуу үчүн картошкалардын жакшы сорторун сатканга аракет кылабыз. Элдин көбү “желе” менен “пикассо” сортундагы картошканы алышат. Алардын баалары дагы элге жеткиликтүү 15 сомдон 20 сомго чейин.

-Учурда базарда соода кандай? Кардарлар көбөйдүбү же азайып жатабы ушул жөнүндө айтып берсеңиз?

-Учурда атаандаштык көп болгондуктан соодабыз ар кандай болуп турат.Мурдп соода жакшы болчу. Анда атаандаштык аз болчу. Азыр деле кардарларыбыз көп, аз деп дагы айта албайм. Соодабыз кээде аз болуп калат, кээде көп болот.

-Ижара акысына канча сом төлөйсүз?

Мыйзамга ылайык, иштетип жаткан жерибизге сөзсүз түрдө ижара акысын төлөйбүз. Бир контейнер эки метр, эки киши ижарага алып иштетет. Бир метр контейнерге айына 2400 сом төлөйбүз. Андан сырткары электр энергиясына 250 сомдон, күнүгө кайтаруучуга 20 сом, айына 261 сомдон таразабызга төлөйбүз. Чын-чынына келгенде чыгымдарыбыз көп. Жада калса айына тартып аткан таразабыздан бери акча төлөйбүз. Тилекке каршы, учурда соода мурункудай деле болбой калды. Анткени, билесиңер Ош базардын тегерегинде жайма базар көбөйүп, атаандаштык күч алды.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
Интерполдун мурдагы жетекчиси 13,5 жылга эркинен ажыратылды
Интерполдун мурдагы жетекчиси 13,5 жылга эркинен ажыратылды
Төрөбаев: Кытайда эпидемия жүрүп жатат. Өкмөт алдын ала чараларды көрсүн
Төрөбаев: Кытайда эпидемия жүрүп жатат. Өкмөт алдын ала чараларды көрсүн
Бишкекте коньки тебүүчүлөр үчүн акысыз аянтча ачылды
Бишкекте коньки тебүүчүлөр үчүн акысыз аянтча ачылды
Кытайдан чыккан вируска каршы вакцина иштеле баштады
Кытайдан чыккан вируска каршы вакцина иштеле баштады
​Нурмагомедовдун UFCда чыкканына 8 жыл болду (видео)
​Нурмагомедовдун UFCда чыкканына 8 жыл болду (видео)
Мыйзамсыз күйүүчү-майлоочу материалдарды ташыган унаа кармалды
Мыйзамсыз күйүүчү-майлоочу материалдарды ташыган унаа кармалды
Баланын тили бат чыгыш үчүн эмне кылган туура?
Баланын тили бат чыгыш үчүн эмне кылган туура?
УКМК: Россиянын атайын аскердик окуу жайларына кабыл алуу башталды
УКМК: Россиянын атайын аскердик окуу жайларына кабыл алуу башталды
​Денис Петрашов Швейцарияда күмүш медаль алды
​Денис Петрашов Швейцарияда күмүш медаль алды
Кир жууган кезде колдонулуучу кеңештер
Кир жууган кезде колдонулуучу кеңештер
Жанар Акаев: Жеңиш Разаков сот алдында жооп бериши керек (видео)
Жанар Акаев: Жеңиш Разаков сот алдында жооп бериши керек (видео)
Сегиз окуу-өндүрүш комплекстерин ачуу пландалып жатат
Сегиз окуу-өндүрүш комплекстерин ачуу пландалып жатат
Нарында күчү 4,5 баллга жеткен жер титирөө катталды
Нарында күчү 4,5 баллга жеткен жер титирөө катталды
Орусиянын спорт министри болуп Олег Матыцин келди
Орусиянын спорт министри болуп Олег Матыцин келди
Бишкектин айрым аймактарында электр жарыгы өчүрүлөт
Бишкектин айрым аймактарында электр жарыгы өчүрүлөт
Жол киреге 20 сом талап кылган айдоочу ишинен 5 күнгө четтетилди
Жол киреге 20 сом талап кылган айдоочу ишинен 5 күнгө четтетилди