Баткен ОИИБ: Мамбеталиев милиция кызматкерлерине ​эки унаа белек кылган жок

Баткен ОИИБ: Мамбеталиев милиция кызматкерлерине ​эки унаа белек кылган жок
9-Окт. 2019, Шаршемби, 10:50

"Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин бир кездеги жан сакчысы Эркин Мамбеталиев Баткен облусундагы ички иштер органдарынын кызматкерлерине эки унаа тапшырды" деген маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу бүгүн, 9-октябрда Баткен облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 7-октябрь күнү саат 18:00 чамасында Баткен облусунун Кадамжай районунда милиция кызматкерлери тарабынан Мамбеталиевке тиешелүү болгон «CHEVPOLET-SUBURBAN» үлгүсүндөгү мамлекеттик номери 09KS822AAI, 09KS820AAI болгон эки автоунаа токтотулган. Азыркы учурда Кадамжай РИИБнүн кызматкерлери тарабынан жогорудагы автоунаалар текшерилип жатат.

Белгилей кетсек, кечээ, 8-октябрда социалдык тармактарда жана айрым маалымат каражаттарында Мамбеталиев милиция кызматкерлерине эки «Жип» үлгүсүндөгу унааны белек кылды деген маалымат чыккан. Андагы сүрөттөрдөн Атамбаевдин экс-жан сакчысы Мамбеталиевдин, ички иштер органдарынын кызматкерлеринин жана бир нече адамдын эки жолтандабастын жанында алакан жайып бата тилеп жатканын көрүүгө болот.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
ӨКМ: Тоолуу аймактарда кар көчкү түшүүсү ыктымал
ӨКМ: Тоолуу аймактарда кар көчкү түшүүсү ыктымал
“AMAZON” эң кирешелүү компания деп табылды
“AMAZON” эң кирешелүү компания деп табылды
Кыргызстанда коронавирус катталды деген маалымат чындыкка дал келбейт
Кыргызстанда коронавирус катталды деген маалымат чындыкка дал келбейт
Былтыр Кыргызстан боюнча 1 миллион тоннадан ашык сүт өндүрүлгөн
Былтыр Кыргызстан боюнча 1 миллион тоннадан ашык сүт өндүрүлгөн
Чүйдө күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды
Чүйдө күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды
Диего Марадона Венесуэла курамын башкаруудан баш тартты
Диего Марадона Венесуэла курамын башкаруудан баш тартты
Дубайдын аэропорту желимден баш тартты
Дубайдын аэропорту желимден баш тартты
Коронавирус Австралияга жетти
Коронавирус Австралияга жетти
​Бокс тарыхынын оюн-зооктуу мушкери (видео)
​Бокс тарыхынын оюн-зооктуу мушкери (видео)
Түркиядагы жер титирөөнүн курмандыктары 20га жетти
Түркиядагы жер титирөөнүн курмандыктары 20га жетти
Аскаров: Логистикалык борборду куруу боюнча келишимде купуялуулук эч нерсе жок
Аскаров: Логистикалык борборду куруу боюнча келишимде купуялуулук эч нерсе жок
Шашылыш билдирүү: тоолуу райондордо кар көчкү түшүү коркунучу бар
Шашылыш билдирүү: тоолуу райондордо кар көчкү түшүү коркунучу бар
Президент Тигран Саркисянды «Данк» медалы менен сыйлады
Президент Тигран Саркисянды «Данк» медалы менен сыйлады
Өкмөт инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууда элдин кызыкчылыгын жогору коёт
Өкмөт инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууда элдин кызыкчылыгын жогору коёт
​Усэйн Болт жакында ата болоорун айтты
​Усэйн Болт жакында ата болоорун айтты
Жээнбеков менен Рахмон чек ара алакасын бекемдөө чараларын талкуулашты
Жээнбеков менен Рахмон чек ара алакасын бекемдөө чараларын талкуулашты