Нышанов:"Жолдо унаалардын жарыгын жагып жүрүү талабын жоюп салыш керек"

 Нышанов:
9-Окт. 2019, Шаршемби, 15:40

Бүгүн, 9-октябрда Жогорку Кеңештин жыйында депутат Сайдулла Нышанов жолдо автомашиналардын жарыгын жагып жүрүү лампочка өндүрүүчүлөрдүн кызыкчылыгын көздөгөн коррупциялык талап экенин, азыр эл аралык тажрыйбада андай талап жокко чыгарылып жатканын белгиледи.

“Автомашиналардын жарыгын жагып жүрүүдөн жол кырсыгы азайып деле кеткен жок, аны жоюп салыш керек. Ошондой эле, чоӊ трассаларда жүрүү ылдамдыгын да көбөйтүү зарыл”, - деди ал.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу башкармалыгынын башчысы Азамат Исраилов бул маселени иликтеп көрүп, бир чечимге келүүгө убада берди. Ал трассаларда жүрүү ылдамдыгын 90 км/саатан 110 км/саатка чейин көтөрүү чечими кабыл алынып, азыр тийиштүү чаралар көрүлүп жатканын кошумчалады.

Белгилей кетсек, бүгүн, 9-октябрда Жогорку Кеӊеште 2019-жылдын 1-январынан тарта күчүнө кирген кодексти өркүндөтүү жана бузуулардын айрым категориялары үчүн айып пулдардын окшош өлчөмдөрүн белгилөө максатында иштелип чыккан “КР Бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору каралып, анын концепциясы добуш берүүгө жөнөтүлдү.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
Төкмө акын Аалы Туткучевдин клибин жактыргандар көп болууда (видео)
Төкмө акын Аалы Туткучевдин клибин жактыргандар көп болууда (видео)
Илим Карыпбеков: Акыркы күндөрү очки тагынып эле асманды карап калдым
Илим Карыпбеков: Акыркы күндөрү очки тагынып эле асманды карап калдым
Мугалимдердин маянасын которуу автоматташтырылат
Мугалимдердин маянасын которуу автоматташтырылат
Анжелика  Кайратова “Айым-Style” салонунун жаңы борборун ачат
Анжелика Кайратова “Айым-Style” салонунун жаңы борборун ачат
Парламенттик шайлоого даярдык көрүүнүн жүрүшү талкууланды
Парламенттик шайлоого даярдык көрүүнүн жүрүшү талкууланды
Арстан Алай: Ааламдан буйрулган адамды соттойм десең, аалам сени соттойт!
Арстан Алай: Ааламдан буйрулган адамды соттойм десең, аалам сени соттойт!
Эртең абанын температурасы +24 градуска чейин ысыйт
Эртең абанын температурасы +24 градуска чейин ысыйт
ИИМ: Банкка материалдык чыгым келтирген адам кармалды
ИИМ: Банкка материалдык чыгым келтирген адам кармалды
Ачык типтеги кеңседе иштөө айымдардын психологиясына зыянбы?
Ачык типтеги кеңседе иштөө айымдардын психологиясына зыянбы?
Бишкекте мэрияга караштуу жерди басып алууга аракет кылгандар кармалды
Бишкекте мэрияга караштуу жерди басып алууга аракет кылгандар кармалды
20 миң долларлык сүрөт уурдалды (видео)
20 миң долларлык сүрөт уурдалды (видео)
Кыргызстанда тогуз айда 289 миң тонна эт өндүрүлдү
Кыргызстанда тогуз айда 289 миң тонна эт өндүрүлдү
  Түрк кеңешинин өлкөлөрүнүн жалпы ИДӨсү 1.5 трлн долларды түзөт
Түрк кеңешинин өлкөлөрүнүн жалпы ИДӨсү 1.5 трлн долларды түзөт
Мамкомиссиянын мүчөлөрү Кой-Таштыктар менен жолугушту
Мамкомиссиянын мүчөлөрү Кой-Таштыктар менен жолугушту
Тогуз айда өлкө боюнча колдонууга берилген турак-жайлар көбөйдү
Тогуз айда өлкө боюнча колдонууга берилген турак-жайлар көбөйдү
Депутат:
Депутат: "Мен кудаймын" деп кыйкыргандарга кандай чара көрүлөт?