Абылгазиев:"Бишкек шаарынын ЖЭБ-2 тагдырын чечишибиз керек"

Абылгазиев:
9-Окт. 2019, Шаршемби, 17:30

Бүгүн, 9-октябрда премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Сокулук районунда жайгашкан Бишкек шаарынын ЖЭБ-2си менен таанышты. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан кабарлашты.

«Учурда Бишкек шаарынын ЖЭБ-2си кандай болот деген маселе турат. Өз учурунда калкты кошумча жылуулук менен камсыз кылуу үчүн курулган. Ал көмүрдү колдонуу эмес, газ жана мазут менен иштөөгө ылайыкташкан. Учурда бул объектини кантип калыбына келтирүү керек деген маселе турат», – деди премьер-министр.

Абылгазиев белгилегендей, бир кыйла маанилүү маселе – бул Бишкек ЖЭБ-2нин аймагы.

«Советтик мезгилде бөлүнгөн 136 га жалпы аянттын ичинен учурда Сокулук районунун балансында болгону 62,2 га калган. 2005-жылы жылуулук электр борборун курууга арналган жер өзүм билемдик менен басып алынган. Учурда мыйзамсыз жерде 1000ге жакын үй курулган, анда адамдар жашашат. Албетте, буга стратегиялык объекттин айланасындагы жерди басып алууга жол берген мурдагы бийлик күнөөлүү. Эми биз бул маселени чечип, кайсы курулуштардын кайсынысына болот, кайсы бири мыйзамсыз экендигин аныкташыбыз керек. Алды менен Бишкек шаарынын ЖЭБ-2 тагдырын чечишибиз керек», – деп ырастады Абылгазиев.

Өкмөт башчы энергетикалык чөйрөнүн жетекчилери менен жумушчу кеңешме өткөрүп, алар менен Бишкек шаарынын ЖЭБ-2син ишке киргизүү боюнча пландарды, ошондой эле алдыдагы жылуулук мезгилине энергетикалык объекттердин даярдыгын талкуулады.

Белгилей кетсек, 1986-жылы бул жерде борборду жылуулук менен камсыздай турган борборлоштурулган жогорку от казан – Бишкек шаарынын ЖЭБ-2син куруу иштери башталган. Учурда жогорку от казан жана Бишкек шаарынын ЖЭБ-2син куруу иштери аяктоо алдын турат. Жогорку от казандын жабдууларынын жана түтүктөрдүн бир бөлүгү Бишкек шаарынын негизги жылуулук электр борборунун муктаждыктары үчүн демонтаждалган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
Төкмө акын Аалы Туткучевдин клибин жактыргандар көп болууда (видео)
Төкмө акын Аалы Туткучевдин клибин жактыргандар көп болууда (видео)
Илим Карыпбеков: Акыркы күндөрү очки тагынып эле асманды карап калдым
Илим Карыпбеков: Акыркы күндөрү очки тагынып эле асманды карап калдым
Мугалимдердин маянасын которуу автоматташтырылат
Мугалимдердин маянасын которуу автоматташтырылат
Анжелика  Кайратова “Айым-Style” салонунун жаңы борборун ачат
Анжелика Кайратова “Айым-Style” салонунун жаңы борборун ачат
Парламенттик шайлоого даярдык көрүүнүн жүрүшү талкууланды
Парламенттик шайлоого даярдык көрүүнүн жүрүшү талкууланды
Арстан Алай: Ааламдан буйрулган адамды соттойм десең, аалам сени соттойт!
Арстан Алай: Ааламдан буйрулган адамды соттойм десең, аалам сени соттойт!
Эртең абанын температурасы +24 градуска чейин ысыйт
Эртең абанын температурасы +24 градуска чейин ысыйт
ИИМ: Банкка материалдык чыгым келтирген адам кармалды
ИИМ: Банкка материалдык чыгым келтирген адам кармалды
Ачык типтеги кеңседе иштөө айымдардын психологиясына зыянбы?
Ачык типтеги кеңседе иштөө айымдардын психологиясына зыянбы?
Бишкекте мэрияга караштуу жерди басып алууга аракет кылгандар кармалды
Бишкекте мэрияга караштуу жерди басып алууга аракет кылгандар кармалды
20 миң долларлык сүрөт уурдалды (видео)
20 миң долларлык сүрөт уурдалды (видео)
Кыргызстанда тогуз айда 289 миң тонна эт өндүрүлдү
Кыргызстанда тогуз айда 289 миң тонна эт өндүрүлдү
  Түрк кеңешинин өлкөлөрүнүн жалпы ИДӨсү 1.5 трлн долларды түзөт
Түрк кеңешинин өлкөлөрүнүн жалпы ИДӨсү 1.5 трлн долларды түзөт
Мамкомиссиянын мүчөлөрү Кой-Таштыктар менен жолугушту
Мамкомиссиянын мүчөлөрү Кой-Таштыктар менен жолугушту
Тогуз айда өлкө боюнча колдонууга берилген турак-жайлар көбөйдү
Тогуз айда өлкө боюнча колдонууга берилген турак-жайлар көбөйдү
Депутат:
Депутат: "Мен кудаймын" деп кыйкыргандарга кандай чара көрүлөт?