Автоунаага болгон бажы жеңилдиктеринин мөөнөтүн узартуу керек. Мындай сунушун депутат Жыргалбек Турускулов парламенттин жыйынында билдирди.
Ал бажы алымдарынын жеңил тарифинин кириши менен өлкөдө жаңы автоунаалардын саны кескин көбөйгөнүн жана көптөгөн ишкерлер жумуш менен камсыз болгонун айтты.
“Бажы жеңилдиктеринин киргизилгени – өлкөнүн экологиялык жана экономикалык абалына абдан чоң таасир берди. Биринчиден, эски автоунаалар кескин азайып, жаңы унаалардын саны көбөйдү. Ушул жылы эле 29 электромобиль, 199 гибрид унаалар кирген. Экинчиден, көптөгөн ишкерлер жумуш менен камсыз болду. Муну эске алуу менен бажы жеңилдиктеринин мөөнөтүн узартууну сунуштайт элем”, – деди Турускулов.
Бажы кызматынын статистистикасы боюнча 2016-жылы 489, ал эми 2019-жылдын 8 ай ичинде эле 15 128 автоунаа кирген.
Мамлекеттик бажы кызматы эскерткендей, ушул жылдын 31-декабрынан баштап транспорт каражаттарына болгон бажы алымдарынын жеңил тарифи аяктайт. Бул 2020-жылдын 1-январынан тартып Кыргызстанга ташылып келген автоунаалардын бажы төлөмү кескин көбөйөт дегенди түшүндүрөт.
Алсак, азыркы тапта кыймылдаткычтын көлөмү (v) 2,5 түзгөн 2009-жылы чыккан «Toyota Camry» унаасынын бажы төлөмү 1250 доллар болсо, 2020-жылдан тартып ушул эле унаанын бажы төлөмү 13 600 доллар болот.