Жумагуловдун жаркын элесине арналган футбол боюнча турнир өтөт

Жумагуловдун жаркын элесине арналган футбол боюнча турнир өтөт
10-Окт. 2019, Бейшемби, 13:36

12-октябрда белгилүү журналист, коомдук ишмер, мурдагы Маданият, маалымат жана туризм министри Султан Жумагуловдун жаркын элесине арналган Жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү ортосунда футбол боюнча ынтымак турнири өтөт. Бул тууралуу бүгүн, 10-октябрда Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, мелдеш Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабековдун колдоосу менен өтөт. Мелдешке Жумагулов өзү иштеп кеткен бир катар маалымат каражаттарынын өкүлдөрү баштаган командалар катышат.

Ошондой эле Жогорку Кеңештин Аппараты менен Маданият, маалымат жана туризм министрлигин Аппаратынын командалары күч сынашат.

Эскерте кетсек, турнир Футбол федерациясынын оюн талаасында (Бишкек шаары, Медеров көчөсү 1«Б») саат 08:30да башталат.

Султан Жумагулов өмүрүн кыргыз журналистикасынын өнүгүшүнө арнап, “Ленинчил жаш”, “Эркин-Тоо”, “Асаба” гезиттеринде, ВВС, Азаттык эл аралык маалымат кызматтарында, ошондой эле ЭлТР, КТРК телеканалдарында жетекчилик кызматтарда узак жылдар эмгектенген. Коомдук-саясий иштерге да жигердүү аралашып, журналист катары көптөгөн шакирттерди тарбиялаган. Өмүрүнүн акыркы жылы Маданият, маалымат жана туризм министри кызматын аркалап, былтыр 8-октябрда узакка созулган оорудан улам көз жумган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
Диего Марадона Венесуэла курамын башкаруудан баш тартты
Диего Марадона Венесуэла курамын башкаруудан баш тартты
Дубайдын аэропорту желимден баш тартты
Дубайдын аэропорту желимден баш тартты
Коронавирус Австралияга жетти
Коронавирус Австралияга жетти
​Бокс тарыхынын оюн-зооктуу мушкери (видео)
​Бокс тарыхынын оюн-зооктуу мушкери (видео)
Түркиядагы жер титирөөнүн курмандыктары 20га жетти
Түркиядагы жер титирөөнүн курмандыктары 20га жетти
Аскаров: Логистикалык борборду куруу боюнча келишимде купуялуулук эч нерсе жок
Аскаров: Логистикалык борборду куруу боюнча келишимде купуялуулук эч нерсе жок
Шашылыш билдирүү: тоолуу райондордо кар көчкү түшүү коркунучу бар
Шашылыш билдирүү: тоолуу райондордо кар көчкү түшүү коркунучу бар
Президент Тигран Саркисянды «Данк» медалы менен сыйлады
Президент Тигран Саркисянды «Данк» медалы менен сыйлады
Өкмөт инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууда элдин кызыкчылыгын жогору коёт
Өкмөт инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууда элдин кызыкчылыгын жогору коёт
​Усэйн Болт жакында ата болоорун айтты
​Усэйн Болт жакында ата болоорун айтты
Жээнбеков менен Рахмон чек ара алакасын бекемдөө чараларын талкуулашты
Жээнбеков менен Рахмон чек ара алакасын бекемдөө чараларын талкуулашты
Саламаттыкты сактоо министрлиги коронавирустан сактануунун жолдорун сунуштады
Саламаттыкты сактоо министрлиги коронавирустан сактануунун жолдорун сунуштады
​Неймар тууралуу документалдык тасма тартылууда
​Неймар тууралуу документалдык тасма тартылууда
"Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” мыйзам долбоору талкууланды
Назира Айтбекова: Апам түгөй күтүп, бактылуу болуусу абзел!
Назира Айтбекова: Апам түгөй күтүп, бактылуу болуусу абзел!
Финполиция Бишкекте мыйзамсыз бензин сатып жаткан түйүндү аныктады
Финполиция Бишкекте мыйзамсыз бензин сатып жаткан түйүндү аныктады