Абылгазиев: "Жерди өз билемдик менен басып алууда негизинен бийлик күнөөлүү"

Абылгазиев:
10-Окт. 2019, Бейшемби, 15:25

Жерди өз билемдик менен басып алууда негизинен бийлик күнөөлүү болчу, бирок маселени элге кам көрүү жолу менен чечиш керек. Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Сокулук районунда жайгашкан Бишкек шаарынын ЖЭБ-2си менен таанышуу маалында билдиргенин өкмөттүн басма сөз кызматынан маалымдашты.

Өкмөт башчынын айтымында, бүгүнкү күндө негизги маселелердин бири – бул курулушу 1986-жылы башталып, бирок аягына чыга элек ЖЭБ-2нин тагдыры. Андан бери көп убакыт өттү, бирок станция дагы деле ишке кире элек. 1986-жылы ЖЭБ-2ни куруу үчүн Сокулук районунан 136 гектар жер бөлүнгөн, 2005-жылы 27, 7 гектар жер өзүм билемдик менен басып алышкан. Учурда бул территорияга миңден ашык турак жай салынып калды.

«Биз оптималдуу чечим чыгарышыбыз керек. Бул өңдүү стратегиялык объект менен болгон мындай жагдайга – албетте, биринчи кезекте бийлик күнөөлүү. Тилекке каршы мындай кырдаал бул жерде гана орун алган жок. Эгерде өз убагында алар жерлерди басып алууга адамдарга мүмкүндүк беришпесе, аларга түшүндүрүшсө, бүгүнкүдөй көйгөй болбойт эле. Эми болсо адамдар жашоосун жөндөп алышкандан кийин, көптөгөн укуктарына, айрыкча социалдык камсыздоо укуктарына ээ эмес. Ошондуктан биз маселени мыйзам чегинде гана жана адамдарга камкордук көрүү менен кароого тийишпиз. Мүмкүн болгон жерде мыйзамдаштырып, ал эми туура келбегини боюнча адамдарга адилеттүүлүктү калыбына келтирүүнүн маанилүүлүгүн түшүндүрүп, маселени болушунча кылдаттык менен чечүү керек. Мындай чечимдер өзүм билемдиктин жана жооптуу мамлекеттик органдардын шалаакылыгынын айынан өндүрүштүк объекттер өз жерлеринен ажыраган жерлердин баарын кабыл алынышы керек», – деди Абылгазиев.

Өкмөт башчы баса көрсөткөндөй, энергетиктер бардык зарыл эсептөөлөрдү жүргүзүп, шаардык ЖЭБ-2нин ишин жандандыруунун оптималдуу жолун табып, инвестициялык долбоордун натыйжалуу моделин сунуштоолору керек.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
Төкмө акын Аалы Туткучевдин клибин жактыргандар көп болууда (видео)
Төкмө акын Аалы Туткучевдин клибин жактыргандар көп болууда (видео)
Илим Карыпбеков: Акыркы күндөрү очки тагынып эле асманды карап калдым
Илим Карыпбеков: Акыркы күндөрү очки тагынып эле асманды карап калдым
Мугалимдердин маянасын которуу автоматташтырылат
Мугалимдердин маянасын которуу автоматташтырылат
Анжелика  Кайратова “Айым-Style” салонунун жаңы борборун ачат
Анжелика Кайратова “Айым-Style” салонунун жаңы борборун ачат
Парламенттик шайлоого даярдык көрүүнүн жүрүшү талкууланды
Парламенттик шайлоого даярдык көрүүнүн жүрүшү талкууланды
Арстан Алай: Ааламдан буйрулган адамды соттойм десең, аалам сени соттойт!
Арстан Алай: Ааламдан буйрулган адамды соттойм десең, аалам сени соттойт!
Эртең абанын температурасы +24 градуска чейин ысыйт
Эртең абанын температурасы +24 градуска чейин ысыйт
ИИМ: Банкка материалдык чыгым келтирген адам кармалды
ИИМ: Банкка материалдык чыгым келтирген адам кармалды
Ачык типтеги кеңседе иштөө айымдардын психологиясына зыянбы?
Ачык типтеги кеңседе иштөө айымдардын психологиясына зыянбы?
Бишкекте мэрияга караштуу жерди басып алууга аракет кылгандар кармалды
Бишкекте мэрияга караштуу жерди басып алууга аракет кылгандар кармалды
20 миң долларлык сүрөт уурдалды (видео)
20 миң долларлык сүрөт уурдалды (видео)
Кыргызстанда тогуз айда 289 миң тонна эт өндүрүлдү
Кыргызстанда тогуз айда 289 миң тонна эт өндүрүлдү
  Түрк кеңешинин өлкөлөрүнүн жалпы ИДӨсү 1.5 трлн долларды түзөт
Түрк кеңешинин өлкөлөрүнүн жалпы ИДӨсү 1.5 трлн долларды түзөт
Мамкомиссиянын мүчөлөрү Кой-Таштыктар менен жолугушту
Мамкомиссиянын мүчөлөрү Кой-Таштыктар менен жолугушту
Тогуз айда өлкө боюнча колдонууга берилген турак-жайлар көбөйдү
Тогуз айда өлкө боюнча колдонууга берилген турак-жайлар көбөйдү
Депутат:
Депутат: "Мен кудаймын" деп кыйкыргандарга кандай чара көрүлөт?