Облус башчысы памирлик кыргыздарды кабыл алды

Облус башчысы памирлик кыргыздарды кабыл алды
11-Окт. 2019, Жума, 09:54

10-октябрда өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эмилбек Алымкулов Памир жергесинен көчүрүлүп келген этникалык кыргыздарды кабыл алды.

Өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы кабарлагандай, жолугушууда памирлик боордоштор бул жакка көчүрүп келип, балдарынын билим алуусуна шарт түзүп берген кыргыз өкмөтүнө, кыргыз элине ыраазычылыгын билдиришти.

“Быйыл биздин Памирден көчүп келгенибизге толук эки жыл болду. Ушул эки жылдан бери жакшы карап, асырап, суук сууга колубузду малдырбай, бала-бакырабызды үшүтпөй, жакшы шарт түзүп бердиңиздер. Балдарыбыз пособия, карыларыбыз пенсия алып атат. Кышында көмүрүбүздү түшүрүп, тамак-аш менен камсыздап, үйү жокторго батирдин, светтин акчасын төлөп берип жатышат. Мага болсо үй алып беришкен. Балдарыбыз акысыз билим алып, ооруп калсак бекер дарыланып келебиз. Биз кыргыз мамлекетине, айрыкча Нарын облусунун жетекчилигине, эл-журтка терең ыраазыбыз,–деп билдирди Абдулбахит Жээнбек уулу.

Облус жетекчиси алардын кем-карчысын, ал-абалын сурап, жакында көмүр түшүрүлүп берилээрин билдирди. Ошондой эле аракет кылып эмгектенүү, кандай жумуш болсо да тартынбай иштөө керектигин айтты.

Бүгүнкү күндө Нарын облусунда Памир жергесинен көчүрүлүп келген 50 этникалык кыргыздар бар. Алардын ичинен 1 үй-бүлөдөгү 6 адам Ат-Башы районунда, калган 11 үй-бүлөдөгү 44 адам Нарын шаарында жашайт. 21 балага мамлекеттик жөлөкпул, 1 адамга карылыгы боюнча пенсия чектелип берилген. Ал эми 2 жаран майыптуулугу боюнча социалдык жөлөкпул алышат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
Нурзат Токтосунованын постуна эң көп жактыруу басышты
Нурзат Токтосунованын постуна эң көп жактыруу басышты
Асел Кадырбекова: Алар мага алтындай убакытын коротуп жатат
Асел Кадырбекова: Алар мага алтындай убакытын коротуп жатат
Кургакчылыктан 50 пил өлдү
Кургакчылыктан 50 пил өлдү
Айгерим Расул кызы өзгөчө сүрөт жүктөдү
Айгерим Расул кызы өзгөчө сүрөт жүктөдү
Асем Токтобекова: Чоң апам өзбек, таенем-казак кызы болгон
Асем Токтобекова: Чоң апам өзбек, таенем-казак кызы болгон
Абылгазиев жаш математик Арсен Рахымбеков менен жолугушту
Абылгазиев жаш математик Арсен Рахымбеков менен жолугушту
Айсулуу Тыныбекова кандай жагдайга кабылганын айтты
Айсулуу Тыныбекова кандай жагдайга кабылганын айтты
Чернобыль кырсыгынын кесепеттерин жоюуга 3200 кыргызстандык катышкан
Чернобыль кырсыгынын кесепеттерин жоюуга 3200 кыргызстандык катышкан
Жылдыз Орозобекова: “Манасты канчалык казган сайын ошончо тереңдейт”
Жылдыз Орозобекова: “Манасты канчалык казган сайын ошончо тереңдейт”
Жанар Акаев: Экономикага, бюджетке аңчылыктан акча түшөт деген миф!
Жанар Акаев: Экономикага, бюджетке аңчылыктан акча түшөт деген миф!
Кыргызстанда насыялардын басымдуу бөлүгүн соодага алышат
Кыргызстанда насыялардын басымдуу бөлүгүн соодага алышат
Депутат: Ата-энелердин чөнтөгүнө кол салуу мыйзамын киргизип жатасыңар
Депутат: Ата-энелердин чөнтөгүнө кол салуу мыйзамын киргизип жатасыңар
Жээнбеков Япониянын пемьер-министрин Кыргызстанга чакырды
Жээнбеков Япониянын пемьер-министрин Кыргызстанга чакырды
​Атактуу боксчу зомбулук менен айыпталууда
​Атактуу боксчу зомбулук менен айыпталууда
Башар Асад: “Эрдоган биздин жерлерибизди уурдап жатат”
Башар Асад: “Эрдоган биздин жерлерибизди уурдап жатат”
24-октябрь: абанын температурасы +23 градус болот
24-октябрь: абанын температурасы +23 градус болот