​Жол эрежеси бузулса төмөнкү номурга чалыңыз!

23-Май 2017, Шейшемби

Бишкек шаарынын мэриясы коомдук транспорттун айдоочулары тарабынан жол эрежиси сакталбаган фактылары катталса токтоосуз көрсөтүлгөн номурларга чалуусун өтүнөт. Бул тууралуу бүгүн, 23-майда мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, шаардык муниципалитет, Бишкек троллейбус башкармалыгы жана Бишкектеги жүргүнчүлөрдү тейлөө автотранспорт ишканасы тарабынан коомдук транспортто автобустарда жана троллейбустарда диспетчердик кызматтын номуру көрсөтүлгөн наклейкалар чапталды. Ал номур аркылуу айдоочулар тарабынан жол эрежеси бузулган учур катталса Ватсап аркылуу (0554 20 11 25) номуру аркылуу билдире алышмакчы.

«Мындай иш-чара менен мэрия жол эрежелерин бузган айдоочуларга мониторинг жүргүзүүдө. Чаптагычтардын дизайны телефон номурлары окула тургандай, көңүлдү өзүнө бурдурат, жол кыймылынын катышуучуларына алагды кылбайт»,-деп айтылат маалыматта.

Бүгүнкү күндө муниципалитет жеке фирмалар менен маршруттук каттамдарга мындай чаптагычтарды чаптоо боюнча сүйлөшүү жүрүгүзүлүп жатканын кошумчалады.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!