Мамкомиссиянын мүчөлөрү Кой-Таштыктар менен жолугушту

Мамкомиссиянын мүчөлөрү Кой-Таштыктар менен жолугушту
16-Окт. 2019, Шаршемби, 13:23

7-8-августта Кой-Таш айылында түзүлгөн кырдаалды иликтөө боюнча мамлекеттик комиссиянын мүчөлөрү Кой-Таш айылынын жашоочулары менен жолугушту. Бул тууралуу бүгүн, 16-октябрда өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, комиссиянын өкүлдөрү айылдагы бир катар объекттерге барышты, анын ичинде турак үйлөр, өрттөнүп кеткен айылдык милиция бөлүмү бар.

Белгилей кетсек, 7-августта мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо боюнча жүргүзүлгөн операция учурунда «Альфа» түзүмүнүн жоокери Үсөнбек Ниязбековго ок тийип, ал алган жаракатынан улам каза болгон. Ошондой эле жүзгө жакын адам ар кандай жаракаттарды алышкан. 8-август күнү Ички иштер министрлигинин (ИИМ) атайын операциясынан соң мурунку президент Алмазбек Атамбаев Кой-Таштагы үйүнөн колго түшүп берген. Ага бир нече оор беренелер менен айып тагылып жатат.

Бирок ал өзүнө тагылган айыптарга макул эместигин билдирип, тергөөчүнүн суроолоруна жооп берүүдөн баш тартып келет.

Кой-Таш айылында түзүлгөн кырдаалды иликтөө боюнча мамлекеттик комиссия түзүү жөнүндө тиешелүү чечимге 29-августта премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгон. Бул комиссияны вице-премьер-министр Жеңиш Разаков жетектейт. Ал эми ушул эле окуяны Кой-Таш айылынын тургундардын кайрылуулары боюнча Акыйкатчынын карамагында да комиссия иликтейт.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!