Бишкекте мэрияга караштуу жерди басып алууга аракет кылгандар кармалды

Бишкекте мэрияга караштуу жерди басып алууга аракет кылгандар кармалды
16-Окт. 2019, Шаршемби, 15:29

Бишкектин Биринчи май районундагы Калыс-Ордо конушунун аймагында мэрияга караштуу 7 гектар жерди өз алдынча басып алууга аракет кылгандар кармалды. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кечээ, 15-октябрда 100дөй киши мамлекетке караштуу жерди өз алдынча басып алууга аракет кылып, казык кагып, үй салууга аракет кыла баштаган.

Окуя болгон жерге мэрияга караштуу Жерди пайдалануу жана куруу башкармалыгынын кызматкерлери барып, чогулгандарга алардын аракеттери мыйзамсыз экенин түшүндүрүү боюнча жасаган аракеттерине карабастан алар өздөрүнүн кылып жаткан иштерин андан ары улантып баштаган. Мындан улам Жерди пайдалануу жана куруу башкармалыгынын жетекчиси Талант Иманкан уулу Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгын башчысына кайрылып, жерди басып алууну уюштургандарга карата чара көрүүнү суранган.

Окуя болгон жерге ыкчам иликтөө тобу барып, жарандарды кармап кеткен.

Айта кетсек, шаар бийлиги Бишкек шаарында курулуш ишине жер тилкесин бөлүп берүүгө мораторий киргизилгенин эскертет.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!