ИИМ: Банкка материалдык чыгым келтирген адам кармалды

ИИМ: Банкка материалдык чыгым келтирген адам кармалды
16-Окт. 2019, Шаршемби, 16:04

Жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын натыйжасында алдоо жолу менен жарандардын мүлкүнө ээ болгон 42 жаштагы К.К. аттуу Ош облусунун тургуну Москванын аймагында жашырынып жүргөн жеринен кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 16-октябрда Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, кармалган кыргыз жараны өз өлкөсүндө жасаган кылмыш иши үчүн Алай РИИБдин тергөө органдарынан изин жашырып качып жүргөндүктөн, издөөгө алынган.

"Материалдык жактан жеңил баюу максатында жогоруда көрсөтүлгөн жаран 2010-жылы жеке нотариус менен алдын ала сүйлөшүп алып, турак-жайдын ээсинин жеке макулдугу жок, өзү үй ээсинин колун жасап койгон. Андан соң, кылмыштуу жол менен кыймылсыз мүлктү өзүнө ыйгарып алган. 2012-жылы кылмышкер кыймылсыз мүлктү банкка коюп, 300 000 сом өлчөмүндөгү насыяны өз жубайына каттаган. Андан соң, акча каражатын алгандан кийин өз керектөөсүнө коротуп, банкка материалдык чыгым келтирген",- деп айтылат малыматта.

Учурда издөө алган тарап маалымдалып, аны кылмыш жоопкерчилигине тартуу үчүн Кыргызстанга жеткирүү боюнча маселелер чечилди.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!