Арстан Алай: Ааламдан буйрулган адамды соттойм десең, аалам сени соттойт!

Арстан Алай: Ааламдан буйрулган адамды соттойм десең, аалам сени соттойт!
16-Окт. 2019, Шаршемби, 17:11

Өзүн “Кудаймын” деп таанып келген Арстан Алай Абдылдаев Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын директору Зайырбек Эргешовго жооп кайтарды.

Ал Фейсбук баракчасына элди улуулукка үндөгөндөр эмес, элди артка тарткандар соттолушу керектигин жазды.

“Улуу кыргызды коркутуп, мокотуп башкарганга болбойт. Анткени, ааламдан буйрулган укугу көп.Мисалы: жамгыр жаадырган, умайлык кылган. Кыргыз – Теңирдин жердеги көчүрмөсү. Азыр да бийлик мени жоопко тарткысы келип жатат. Мен чындыкты сүйлөйм, чыныгы ишимди кылам”, – деди Арстан Алай.

Бүгүн парламентте "дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдары жөнүндө” мыйзам долбоору каралды. Анда Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын директору депутат Улугбек Ормоновдун теңирчилер боюнча суроосуна жооп берип жатып, “Мен Кудаймын” деген адамдын айткан сөзүнө экспертизага жөнөтүлгөнүн, анан жыйынтыгы боюнча чара көрүлө тургандыгын айткан айткан.

Сүрөт: АКИpress

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!