Жээнбеков:"Токтогул ГЭСинин иштөө мөөнөтү 35-40 жылга узарат"

Жээнбеков:
18-Окт. 2019, Жума, 15:24

Бүгүн, 18-октябрда Токтогул ГЭСин реабилитациялоо долбоору боюнча иштер менен таанышууда президент Сооронбай Жээнбеков:"Токтогул ГЭСин реконструкциялоонун үч фазасы тең аяктаганда, ГЭСтин иштөө мөөнөтү 35-40 жылга узарат",- деп баса белгиледи.

Мамлекет башчысынын айтымында, Токтогул ГЭСин жаңылоо үч фазадан турат. Биринчи фазасын ишке ашыруу 2017-жылдын май айында башталган. Азыр ГЭСтин төрт энергетикалык блогунда тең негизги электр-механикалык жабдуулар — күч трансформаторлору жана кабелдик линиялар, ошондой эле башка көмөкчү энергетикалык жабдуулар алмаштырылган.

"Долбоордун аткаруучуларын тандоо ачык-айкын болгонунун натыйжасында, каражаттардын бир бөлүгүн үнөмдөөгө жетиштик. Анын эсебинен ГЭСтин бөлүштүрүү түзүмүн дагы кошумча реконструкциялоого мүмкүн болду",- деди Жээнбеков.

"Долбоордун экинчи жана үчүнчү фазаларында станциянын төрт гидроагрегаты тең кезеги менен алмаштырылат. Жалпы суммасы 320 млн. долларды түзгөн бул иштерди каржылоо үчүн Азия өнүктүрүү банкынын жана Евразия өнүктүрүү банкынын каражаттары жумшалат. Азыркы учурда долбоорлоо иштери жүрүп жатат жана жабдууну жасоо иши башталды. Гидроагрегаттарды алмаштыруу 2023-жылга чейин аяктайт. Мындай татаал жана масштабдуу долбоорду ишке ашыруу — Кыргызстандын энергетикалык коопсуздугун камсыздайт. Үч фазаны тең бүткөрүүнүн натыйжасында Токтогул ГЭСинин кубаттуулугу 240 МВатка өсөт. Бул долбоор — Камбарата 2 ГЭСине тете дагы бир жаңы ГЭСти куруу менен барабар десек болот. Кудай буйруса, ГЭСтин иштөө мөөнөтү 35-40 жылга узарат",- деп кошумчалады президент.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
Диего Марадона Венесуэла курамын башкаруудан баш тартты
Диего Марадона Венесуэла курамын башкаруудан баш тартты
Дубайдын аэропорту желимден баш тартты
Дубайдын аэропорту желимден баш тартты
Коронавирус Австралияга жетти
Коронавирус Австралияга жетти
​Бокс тарыхынын оюн-зооктуу мушкери (видео)
​Бокс тарыхынын оюн-зооктуу мушкери (видео)
Түркиядагы жер титирөөнүн курмандыктары 20га жетти
Түркиядагы жер титирөөнүн курмандыктары 20га жетти
Аскаров: Логистикалык борборду куруу боюнча келишимде купуялуулук эч нерсе жок
Аскаров: Логистикалык борборду куруу боюнча келишимде купуялуулук эч нерсе жок
Шашылыш билдирүү: тоолуу райондордо кар көчкү түшүү коркунучу бар
Шашылыш билдирүү: тоолуу райондордо кар көчкү түшүү коркунучу бар
Президент Тигран Саркисянды «Данк» медалы менен сыйлады
Президент Тигран Саркисянды «Данк» медалы менен сыйлады
Өкмөт инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууда элдин кызыкчылыгын жогору коёт
Өкмөт инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууда элдин кызыкчылыгын жогору коёт
​Усэйн Болт жакында ата болоорун айтты
​Усэйн Болт жакында ата болоорун айтты
Жээнбеков менен Рахмон чек ара алакасын бекемдөө чараларын талкуулашты
Жээнбеков менен Рахмон чек ара алакасын бекемдөө чараларын талкуулашты
Саламаттыкты сактоо министрлиги коронавирустан сактануунун жолдорун сунуштады
Саламаттыкты сактоо министрлиги коронавирустан сактануунун жолдорун сунуштады
​Неймар тууралуу документалдык тасма тартылууда
​Неймар тууралуу документалдык тасма тартылууда
"Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” мыйзам долбоору талкууланды
Назира Айтбекова: Апам түгөй күтүп, бактылуу болуусу абзел!
Назира Айтбекова: Апам түгөй күтүп, бактылуу болуусу абзел!
Финполиция Бишкекте мыйзамсыз бензин сатып жаткан түйүндү аныктады
Финполиция Бишкекте мыйзамсыз бензин сатып жаткан түйүндү аныктады