Финпол: тергөө менен кызматташкан Бегалиев үй камагына чыгарылды

Финпол: тергөө менен кызматташкан Бегалиев үй камагына чыгарылды
18-Окт. 2019, Жума, 15:47

"Манас" эл аралык аэропортунан 5 млн. доллар акча каражатынын сыртка чыгарылып кетиши боюнча камакка алынган аэропорттун Бишкек филиалынын мурдагы директору Мирлан Бегалиев тергөө менен кызматташат. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы (Финансы полициясы) кабарлады.

Маалыматка караганда, шектүү Бегалиев күнөөсүн мойнуна алып, тергөө менен кызматташуу тууралуу каалоосун билдирген. Шектүү тарабынан кылмыштын башка катышуучуларына карата баалуу көрсөтмөлөр алынган. Иштин бардык жагдайлары каралган соң, Жазык-процессуладык кодексинин талабына ылайык, анын бөгөт чарасын өзгөртүү тууралуу Финансы полициясынын өтүнүчү сот тарабынан канааттандырылган.

Финполдун тергөөчүлөрүнүн өтүнүчү менен буш иштеги фигурант Бегалиев кызматынан бошотулду. Ага Жазык кодексинин «Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу» беренеси менен кылмыш иши козголуп, камакка алынган эле.

Кылмыш ишинин таржымалы

Финансы полициясы тараткан маалыматка ылайык, 2014-жылы аэропорттун Бишкек филиалынын ошол кездеги жетекчилиги өз кызыкчылыгын көздөп, банкрот абалына кептелген «Топливный центр» компаниясынын акциясынын 100 пайызын сатып алуу боюнча пайдасыз келишимге кол койгон. Муну менен жетекчилик 5 млн доллар акча каражатын офшордук компаниялар аркылуу сыртка чыгарып кеткен. Учурда кылмыш иши иликтенип жатат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
Диего Марадона Венесуэла курамын башкаруудан баш тартты
Диего Марадона Венесуэла курамын башкаруудан баш тартты
Дубайдын аэропорту желимден баш тартты
Дубайдын аэропорту желимден баш тартты
Коронавирус Австралияга жетти
Коронавирус Австралияга жетти
​Бокс тарыхынын оюн-зооктуу мушкери (видео)
​Бокс тарыхынын оюн-зооктуу мушкери (видео)
Түркиядагы жер титирөөнүн курмандыктары 20га жетти
Түркиядагы жер титирөөнүн курмандыктары 20га жетти
Аскаров: Логистикалык борборду куруу боюнча келишимде купуялуулук эч нерсе жок
Аскаров: Логистикалык борборду куруу боюнча келишимде купуялуулук эч нерсе жок
Шашылыш билдирүү: тоолуу райондордо кар көчкү түшүү коркунучу бар
Шашылыш билдирүү: тоолуу райондордо кар көчкү түшүү коркунучу бар
Президент Тигран Саркисянды «Данк» медалы менен сыйлады
Президент Тигран Саркисянды «Данк» медалы менен сыйлады
Өкмөт инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууда элдин кызыкчылыгын жогору коёт
Өкмөт инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууда элдин кызыкчылыгын жогору коёт
​Усэйн Болт жакында ата болоорун айтты
​Усэйн Болт жакында ата болоорун айтты
Жээнбеков менен Рахмон чек ара алакасын бекемдөө чараларын талкуулашты
Жээнбеков менен Рахмон чек ара алакасын бекемдөө чараларын талкуулашты
Саламаттыкты сактоо министрлиги коронавирустан сактануунун жолдорун сунуштады
Саламаттыкты сактоо министрлиги коронавирустан сактануунун жолдорун сунуштады
​Неймар тууралуу документалдык тасма тартылууда
​Неймар тууралуу документалдык тасма тартылууда
"Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” мыйзам долбоору талкууланды
Назира Айтбекова: Апам түгөй күтүп, бактылуу болуусу абзел!
Назира Айтбекова: Апам түгөй күтүп, бактылуу болуусу абзел!
Финполиция Бишкекте мыйзамсыз бензин сатып жаткан түйүндү аныктады
Финполиция Бишкекте мыйзамсыз бензин сатып жаткан түйүндү аныктады