Абылгазиев:"Профсоюз кызматкерлеринин эмгек акысын көтөрүүгө кезек келди"

Абылгазиев:
19-Окт. 2019, Ишемби, 12:02

Социалдык коргоо жана профсоюз кызматкерлеринин күнүнө карата уюштурулган салтанаттуу иш-чарада премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев аталган кызматкерлердин эмгек акысын көтөрүүгө убакыт келгенин белгиледи. Бул тууралуу бүгүн, 19-октябрда өкмөттүн басма сөз кызматынан кабарлашты.

Өкмөт башчынын айтымында, экономикадагы объективдүү кыйынчылыктарга карабастан мамлекет мамлекет бардык социалдык милдеттенмелерди толук аткарып жатат.

«Жарандарыбызды социалдык жактан колдоо жана коргоо – ар дайым биздин ишибиздин башкы артыкчылыгы болуп келген жана боло берет. Экономиканы көтөрүү үчүн болгон күч-аракетибизди жумшап жатабыз. Биринчиден, финансылык маселелерди натыйжалуу чечүү жана бюджеттин көбөйтүү милдетин койсок, экинчи жагынан социалдык чөйрөдөгү актуалдуу маселелерди чечүү милдети турат», – деди Абылгазиев.


Премьер-министр Өкмөт улгайган адамдарды социалдык жактан камсыз кылуу, ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга кам көрүү, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү, социалдык мекемелерди колдоо жана жумушсуздуктун санын кыскартуу боюнча маселелерди чечүү иштерин жакшыртууга күч жумшап жатканын белгиледи.

«Быйыл социалдык чөйрөгө 10,3 млрд сом бөлүнүүдө. Жакында биз келерки жылдын бюджетин алып чыгабыз жана бул санды 11,9 млрд сомго чейин жеткирсек дейбиз. 50 млрд сом пенсияга бөлүнөт, өлкө бюджетинин киреше бөлүгү 161 млрд сом болсо, анын жарымына жакыны жарандарды социалдык жактан коргоого жумшалат. Бул биз мамлекеттик саясаттын туура багытын тандап алганыбыздын далили, – деп белгиледи Абылгазиев. - Былтыр биз медицина кызматкерлеринин айлыгын көтөрүү багытында жакшы жылыштарга жетише алганбыз, быйыл болсо мугалимдердин эмгек акысын көтөрдүк. Эми кезек сиздерге келди».

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
Марста жашоо барбы?
Марста жашоо барбы?
​Тай бокс чемпионун Москвада атып кетишти
​Тай бокс чемпионун Москвада атып кетишти
Жанар Акаев: Болочок мугалимдердин стипендиясын 30 пайызга көтөрүү керек
Жанар Акаев: Болочок мугалимдердин стипендиясын 30 пайызга көтөрүү керек
"Шумкар" атайын багыттагы полку жарандарды жумушка чакырат
Асел Кадырбекова: Дайыма жалгыз бой энелерге урматымды билдирем
Асел Кадырбекова: Дайыма жалгыз бой энелерге урматымды билдирем
Шекердин дагы бир зыяндуулугу аныкталды
Шекердин дагы бир зыяндуулугу аныкталды
Саммит: Касымалиева англис тилинде баяндама жасады (видео)
Саммит: Касымалиева англис тилинде баяндама жасады (видео)
Судья Куанбек Киргизбаев кызматынан бошотулду
Судья Куанбек Киргизбаев кызматынан бошотулду
Златан Ибрагимович
Златан Ибрагимович "Гэлакси" клубунан кеткендигин жар салды
Инстаграмдан 3,3 миллионго жакын пост өчүрүлдү
Инстаграмдан 3,3 миллионго жакын пост өчүрүлдү
Нурлан Насиптин эжеси ырчылыкка билек түрө киришти
Нурлан Насиптин эжеси ырчылыкка билек түрө киришти
Милиция жумушка кабыл алат
Милиция жумушка кабыл алат
Айгерим Расул кызынын өз келбети жөнүндө жазган посту талкууланууда
Айгерим Расул кызынын өз келбети жөнүндө жазган посту талкууланууда
​Салах Египет курамы менен оюндарга катышпайт
​Салах Египет курамы менен оюндарга катышпайт
Сопоковдун ишмердүүлүгүн текшерүү боюнча жумушчу топ түзүлдү
Сопоковдун ишмердүүлүгүн текшерүү боюнча жумушчу топ түзүлдү
Министрлик: альтернативалык онлайн-олимпиада өткөрүлө баштайт
Министрлик: альтернативалык онлайн-олимпиада өткөрүлө баштайт