Ош-Сарыташ-Эркештам жолу ачылды

24-Май 2017, Шаршемби

Ош-Сарыташ-Эркештам жолунда унаа каттамы убактылуу токтотулган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, 23-май күнү саат 18:00 чамасында катуу жаан жаап, аталган унаа жолунун 42,47-чакырымында сел агындылары түшүп унаа жолду тосуп калган.

Жолду тазалоо иштерине № 959 жол тейлөө ишканасынан 1 жүктөгүч тартылып, саат 06:00дө толук ачылган. Жол тазалоо иштери улантылууда.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!