Унааларды каттоо жана айдоочулук күбөлүк берүү процедурасы жеңилдетилди

Унааларды каттоо жана айдоочулук күбөлүк берүү процедурасы жеңилдетилди
21-Окт. 2019, Дүйшөмбү, 10:07

Автотранспорт каражаттарын каттоо жана айдоочулук күбөлүк берүү процедурасы жеңилдетилди. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, тиешелүү чечимге премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгон.

Мамлекеттик каттоо, транспорт каражаттарын, түзүлүштөрдү жана жабдууларды, ошондой эле менчик укугун кайра каттоону бекиткен Өкмөттүн 23-июндагы № 407 токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр кирди:

- юридикалык жактар үчүн автотранспорт каражаттарына техникалык талон берүү жоюулду;

- транспорт каражатын каттоо тууралуу күбөлүктүн өзгөчө белгилерине “биргелешкен ээси” жазылып, ал транспорт каражатынын ээсинин каалоосу менен электрондук маалымат базасына катталат;

- чет элдик жарандар үчүн автотранспорт каражаттарын каттоо процедурасы жеңилдетилет;

- ар бир транспорт каражатына, түзүмгө жана жабдууларга уникалдуу жеке номер берилет, андагы бардык тийиштүү маалыматтар электрондук базага киргизилет;

- бардык каттоо иш-аракеттери жеке жактар үчүн идентификациялык жеке номер, ал эми юридикалык жактар үчүн идентификациялык салык номери аркылуу жүргүзүлөт.

Өкмөттүн 2017-жылдын 18-декабрындагы № 819 «Квалификациялык сынактарды кабыл алуу, айдоочулук жана тракторист-машинист күбөлүктөрүн берүүнү эрежелери» жөнүндө токтомго төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилди:

- айдоочулук күбөлүк жоголгон учурда транспорт каражатын башкарууга убактылуу талон берүү тажрыйбасы жоюулду;

- медициналык маалымдаманын мөөнөтү 1 жылга чейин узартылды;

- чет элдик жарандар үчүн, башка мамлекеттин айдоочулук күбөлүгүн алмаштырам десе, теориялык жактан сынак тапшыруу процедурасы жоюулуп, сынакты транспорт каражаттарын башкаруунун эрежелери боюнча тажрыйба жүзүндө тапшырат;

- окуудан өткөнү тууралуу күбөлүк бар болсо, ал электрондук маалымат базасына киргизилбейт;

- бардык каттоо иш-аракеттер жеке жактар үчүн идентификациялык жеке номерк менен жүргүзүлөт.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
Кытайдагы вирус кайдан келип чыккан?
Кытайдагы вирус кайдан келип чыккан?
Сырганы кантип тандоо керек?
Сырганы кантип тандоо керек?
Билим берүү министрлигине эл ишеними өстү. Бул акыркы 8 жылдагы эң жогорку көрсөткүч
Билим берүү министрлигине эл ишеними өстү. Бул акыркы 8 жылдагы эң жогорку көрсөткүч
Ормонов: Атамекендик дары-дармек өндүрүүчүлөрдүн абалы оорлошуп баратат
Ормонов: Атамекендик дары-дармек өндүрүүчүлөрдүн абалы оорлошуп баратат
“Франкурт жана Майне”. Бул ирет вице-спикер шаардын атын туура эмес айтып алды
“Франкурт жана Майне”. Бул ирет вице-спикер шаардын атын туура эмес айтып алды
Журналист Канышай Мамыркулова Жеңиш Разаковду сотко берди
Журналист Канышай Мамыркулова Жеңиш Разаковду сотко берди
Үй шартында өзүңүз эле тоник жасап алыңыз!
Үй шартында өзүңүз эле тоник жасап алыңыз!
Өрт өчүрүүчү учак кыйрады
Өрт өчүрүүчү учак кыйрады
Туманга байланыштуу «Манас» аэропортундагы каттамдар жылдырылды
Туманга байланыштуу «Манас» аэропортундагы каттамдар жылдырылды
​Криштиану бир колуна эле 800 миң долларды тагынды
​Криштиану бир колуна эле 800 миң долларды тагынды
Россияда каза болгон жарандардын үчөө кыргызстандык экени аныкталды
Россияда каза болгон жарандардын үчөө кыргызстандык экени аныкталды
Брекзит: 47 жылдан берки биримдик соңуна чыкканы калды
Брекзит: 47 жылдан берки биримдик соңуна чыкканы калды
Челябинскте кыргызстандык унаа жол кырсыгына учурап, 5 адам кайтыш болду
Челябинскте кыргызстандык унаа жол кырсыгына учурап, 5 адам кайтыш болду
Франкурт-На-Майне. Төрага Германиядагы шаардын аталышын туура окуду (видео)
Франкурт-На-Майне. Төрага Германиядагы шаардын аталышын туура окуду (видео)
Сууга лимон кошуп ичүү ден соолукка пайдалуу
Сууга лимон кошуп ичүү ден соолукка пайдалуу
​Баскетболчулар катуу мушташты (видео)
​Баскетболчулар катуу мушташты (видео)