Соцфонддун өткөн жылдагы жалпы кирешеси 51 млрд сомдон ашты

Соцфонддун өткөн жылдагы жалпы кирешеси 51 млрд сомдон ашты
21-Окт. 2019, Дүйшөмбү, 13:01

Социалдык фонддун өткөн жылдагы жалпы кирешеси 51 млрд 13 млн 750 миӊ сомду түзгөн, бул андан мурдагы жылга салыштырмалуу 104,3 пайызга көп.

Бул тууралуу Жогорку Кеңештин тармактык комитетинде “Социалдык фондунун 2018-жыл үчүн бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчетун бекитүү тууралуу” мыйзам долбоору каралып жатканда белгилүү болду.

Соцфонддун төрагасы Медер Ирсалиевдин айтымында, камсыздандыруу төгүмдөрү пландагыдан 5 пайыз кем аткарылганына карабастан, 2017-жылга салыштырмалуу 107 пайызга өскөн же 1 млрд 902 млн 495 миӊ сом көп жыйналган.

«Ал эми акциялар боюнча дивиденддер менен акча каражаттарынын калдыктарына чегерилген пайыздардын эсебинен түшкөн дагы башка кирешелер 349 млн 860 миӊ сом өлчөмүндө болду», - деди ал.


Ошондой эле, Соцфонддун 2018-жылдагы жалпы чыгымы 50 млрд 309 млн 666 миӊ сомду түздү. Анын ичинде:

- Пенсиондук фонддун чыгымы – 46 млрд 96 млн 37 миӊ сом;

- Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун чыгымы – 2 млрд 328 млн 445 миӊ сом;

- Эмгекчилердин саламаттыгын чыӊдоо фондунун чыгымы - 288 млн 839 миӊ сом;

- Мамлекеттик пенсиянын топтомо фондунун чыгымы – 1 млрд 596 млн 344 миӊ сом.

Социалдык фонддун 2018-жылдагы бюджети 814 млн 935 млн сом профицит менен бекитилген. Жыл жыйынтыгында бекитилген бюджеттин профицити 704 млн 83 миӊ сом өлчөмүндө болду.

Ушул тапта Кыргызстанда жалпы 651 миӊ пенсионер бар. Пенсионерлердин орточо пенсия өлчөмү 5604 миӊ сомду түзөт. Ал эми эмгек стажысы жок жарандар 400 сом менен пенсияга чыгат. Камсыздандыруу төгүмдөрүнүн туруктуу болушу үчүн 1 пенсионерге 3 иштеген адам туура келиши керек болсо, учурда 1 пенсионерге 1 иштеген адам туура келүүдө.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
Саймаитин өлүмү: төртүнчү шектүү кармалды (видео)
Саймаитин өлүмү: төртүнчү шектүү кармалды (видео)
“Кыз бурак” тобунун концерти 1-декабрда Ошто улантылат
“Кыз бурак” тобунун концерти 1-декабрда Ошто улантылат
Анжелика Кайратова: Көз тийди окшойт
Анжелика Кайратова: Көз тийди окшойт
Айзада Жамгырчиевага гүл жөнөтүп жаткан сырдуу жигит ким?
Айзада Жамгырчиевага гүл жөнөтүп жаткан сырдуу жигит ким?
Япониянын императору Күн теңири менен тамактанды
Япониянын императору Күн теңири менен тамактанды
​Футбол учурда ок жаңырды (видео)
​Футбол учурда ок жаңырды (видео)
Кыргызстанда жыл башынан бери канча кен казылды?
Кыргызстанда жыл башынан бери канча кен казылды?
NASA: Космосто көпкө жүргөндөрдүн каны айланбай калат
NASA: Космосто көпкө жүргөндөрдүн каны айланбай калат
Райондордогу жолду оңдоо иштерине 600 млн сом коротулду
Райондордогу жолду оңдоо иштерине 600 млн сом коротулду
​Криштиану Роналду күйөрмандын телефонун жулуп алды (видео)
​Криштиану Роналду күйөрмандын телефонун жулуп алды (видео)
Өлкө боюнча көмүрдүн баасы кымбаттады (таблица)
Өлкө боюнча көмүрдүн баасы кымбаттады (таблица)
Уран сактоочу жайлардын реабилитациясына грант бөлүнөт
Уран сактоочу жайлардын реабилитациясына грант бөлүнөт
Нурмагомедов Африкада  таймаш өткөрүүнү айтты
Нурмагомедов Африкада таймаш өткөрүүнү айтты
“Джерүй” 2020-жылдын март айынан баштап алтын чыгара баштайт
“Джерүй” 2020-жылдын март айынан баштап алтын чыгара баштайт
Путин Сооронбай Жээнбековду туулган күнү менен куттуктады
Путин Сооронбай Жээнбековду туулган күнү менен куттуктады
Климат боюнча сунуштар кабыл алынбаган парламентти суу каптады
Климат боюнча сунуштар кабыл алынбаган парламентти суу каптады