​«Жоокер ыры» аскер-патриоттук ыр сынагы болду 

24-Май 2017, Шаршемби

Улуу Ата Мекендик согуштун 72 жылдыгына карата Бишкектеги №68 мектептин базасында «Жоокер ыры» аскер-патриоттук ыр сынагы болду. Бул тууралуу шаардын Билим берүү башкармалыгынан маалымдашты.

Ыр сынак эки номинация боюнча өттү: аскердик ырлар жана патриоттук ырлар.

Сынактын максаты – мектеп окуучуларын мыкты поэтикалык-музыкалык чыгармачылыктын үлгүсүндө рухий-нравалуулук, жарандык-патриоттук жана көркөм-эстетикалык жактан тарбиялоо болуп саналат.

Иш-чарага Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары дагы чакырылды.

Сынактын жыйынтыгында жеңүүчүлөргө баалуу белектер тапшырылды.

1-орунду Айжан Усупбаева (№24 гимназия мектеп) жана Роман Чеснов (№20 ГМ)- планшеттер, 2-орунду Акмарал Акылбекова (№4 ГМ), Гүлкан Олжабай кызы (№31 ГМ) -электрондук китептер, 3-орунду Роза Дүйшеева (№46 мектеп), Бермет Кундашевалар (№12 ГМ) алып, фотоаппараттар берилди.



Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!