Абылгазиев электромобилдерге КНС төлөөгө мораторий киргизүүнү тапшырды

Абылгазиев электромобилдерге КНС төлөөгө мораторий киргизүүнү тапшырды
21-Окт. 2019, Дүйшөмбү, 17:37

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев электр кыймылдаткычы бар транспорт каражаттарын колдонууну өбөлгөлөө жана 2019-2020-жылдарга карата Кыргызстанда кубаттоо инфраструктурасын түзүү маселеси боюнча кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу бүгүн, 21-октябрда өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, өкмөттүн тиешелүү буйругуна жакында эле кол коюлган.

Айтылып жаткан документ бир катар салыктык жана салыктык эмес төлөмдөрдү жоюу боюнча өбөлгөлөөчү чараларды киргизүү жолу аркылуу өлкөдө электромобилдерди колдонууга жагымдуу шарт түзүү жана электр кыймылдаткычы бар транспорт каражаттарынын ээлери үчүн экономикалык жана социалдык жактан пайдалуу болуусуна багытталды.

Өкмөт башчы дүйнөлүк тенденцияда электромобилдик транспорт күн санап кеңири колдонулууда, буга байланыштуу биздин өлкөдө бул багыт жашыл экономиканынын бирден-бир артыкчылыктуу багыты катары карылышы керектигин белгиледи.

«Экологиялык жактан таза транспортко өтүүнүн негизги жана артыкчылыктуу себеби – бул айлана-чөйрөгө чыккан зыяндуу заттарды кыйла азайтуу, экологияга кам көрүү болуп эсептелет. Статистикалык маалыматтар боюнча, кадимки күйүүчү май менен жүргөн транспорт электромобилге салыштырмалуу орто эсеп менен 13 эсе көп углерод жана башка газдарды чыгарат, – деп белгиледи Абылгазиев - Көмүр суутектүү заттын жана газдын олуттуу корунун жоктугун эске алуу менен, экологиялык транспортко багытталган жана электромобилдерди бардык жерде колдонууга өтүүгө умтулуу стратегиялык максат болуп саналат. Бул экологияны сактоо жагынан алып караганда, өлкөнүн энергетикалык көз карандылыгын тең салмактайт жана төмөндөтөт. Ошол эле учурда бизде электр энергиясынын тарифи эң эле төмөн, бул электромобилдероди колдонууга чоң мүмкүнчүлүк түзөт», – деп белгиледи Мухаммедкалый Абылгазиев.

Премьер-министр мамлекеттик органдар жарандарга үлгү көрсөтүшү керектигин баса белгилеп, мамлекеттик бюджеттен кошумча каражат бөлбөй мамлекеттик органдардын автопаркын электромобилдерге өткөрүү программасын иштеп чыгууну тапшырды.

Өкмөт башчынын тапшырмасы боюнча күйүүчү-майлоочу материалдарды сатып алууга, автопаркты оңдоого жана аны камсыздоого багытталган башка беренелер үчүн бюджеттен кеткен учурдагы чыгымдарга талдоо жүргүзүлөт. Электромобилдердин батареяларын кубаттоо үчүн электр энергиясына 1 сом 59 тыйын өлчөмүндө атайын баа бекитилет.

Абылгазиев Салык кодексине өзгөртүүлөрдү демилгелөөнү жана электромобилдер үчүн КНС төлөөгө мораторий киргизүүнү тапшырды. Мындан тышкары транспорттун бул түрү унаа салыгынан жана комплекттик бөлүктөр жана кубаттоо инфраструктурасы үчүн кошумча нарк салыгынан бошотулмакчы.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР