Президент Атамбаев Тереза Мэйге көңүл айтты

24-Май 2017, Шаршемби

Президент Алмазбек Атамбаев Улуу Британиянын Манчестер шаарындагы жардырууга байланыштуу өлкөнүн премьер-министри Тереза Мэйге көңүл айтуу телеграммасын жолдоду.

Мамлекет башчынын маалымат кызматы билдиргендей, президент жардыруудан набыт болгон адамдар үчүн терең кайгырарын айтып, "Кыргызстан тынч жарандардын бейпилдигин жана коопсуздугун бузуучу экстремизмдин жана терроризмдин бардык түрүн чечкиндүү түрдө айыптайт",- деп белгилеген. Ошондой эле Кыргызстан элинин жана өзүнүн атынан жардырууда каза тапкандардын жакындарына, Улуу Британиянын элине кайраттуулук, сабыр, жаракат алгандар эртерээк айыгып кетишин каалаган.

Эскерте кетсек, кечээ, 23-майда таң эрте Манчестер шаарындагы "Manchester Arena" жабык залында концерт өтүп жаткан маалда жарылуу болгон. Алгач залдын микрофону жарылгандай сезилген. Полициянын билдирүүсү боюнча, жардыруудан кеминде 19 адам мерт кетип, 50 чакты киши жарадар болушкан.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!