Бишкекте балдар үйүнүн эки бүтүрүүчүсү батирлүү болушту

Бишкекте балдар үйүнүн эки бүтүрүүчүсү батирлүү болушту
22-Окт. 2019, Шейшемби, 12:22

Бишкекте балдар үйүнүн эки бүтүрүүчүсү жатаканадан батирлүү болушту. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, балдар үйүндө тарбияланган Бекжан Үмөталиев экинчи топтогу майып. Ал бүгүнкү күнгө чейин батирде жашап келген. Ал эми Азиза Тагаева учурда 2 баланы жалгыз тарбиялап келет жана эч жерде иштебейт. Үч жылдан бери муниципалдык мүлктө турак алуу үчүн кезекте турган.

Муниципалдык мүлк башкармалыгынын жетекчиси Нурдин Тынаев эки бүтүрүүчүгө Фучик көчөсүндө жайгашкан жатаканадан бөлмөнүн ачкычын тапшырды.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!