Сүймөнкул Чокморовдун айкели жаңыланат

Сүймөнкул Чокморовдун айкели жаңыланат
22-Окт. 2019, Шейшемби, 16:34

Бишкектеги Чүй проспектиси менен Тыныстанов көчөсүнүн кесилишинде тургузулган сүрөтчү, кино актёр Сүймөнкул Чокморовдун эстелиги жаңыланат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, С.Чокморов атындагы коомдук фонду айкелди калыбына келтирүү ишин баштады. Жаңы эстеликти скульптор Азамат Абдрахманов менен архитектор Нурсейит Мамбетказиев жасашат. Алар айкелди калыбына келтирүү ишин 17-ноябрь кино күнүнө карата бүтүрүшөт.

Эскерте кетсек, учурдагы эстеликтин автору скульптор Алмаз Кожогулов. Анын иши көп талаш-тартыш жаратып, көпчүлүк жарандар эстеликти Сүймөнкул Чокморовго окшоштурушкан эмес.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!