Таштанды тазалоого ыктыярчылар керек

24-Май 2017, Шаршемби

27-28-майда Ысык-Көл облусунун аймагындагы таштандыларды тазалоо максатында «Таза Ысык-Көл» акциясы өтөт. Бул тууралуу уюштуруучулар билдирди.

Көлдүн айланасын тазалоо иштери 3 шаарда жана 20 айылда болот.

Түндүк тарабы: Балыкчы шаары, Тору-Айгыр. Тамчы, Чок-Тал, Чоң Сары-Ой айылдарында Чолпон-Ата шаарында, Бактуу-Долоноту, Бостери, Корумду, Григорьевка, Семеновка, Ананьево айылдарында Каракол шаарында.

Түштүк тарабы: Оттук, Кызыл-туу, Бөкөнбаев, Кажы-Сай, Тосор, Барскоон, Дархан, Саруу, Кызыл-Суу айылдарында болот.

«Бардык активдүү жарандар, ыктыярчылар бул иш-чарага катыша алышат. Уюштуруучулар тарабынан транспорт, тамак-аш, жатакана менен камсыз болот. Орундар чектелүү. Акциянын катышуучулары 27-майда саат 7:00дө чогулуп, 8:00дө Бишкектин Достук мейманканасынын жанынан жөнөп кетишет. Акциянын катышууларынан жагымдуу маанай, күндөн коргоочу көз айнек, суу алып алса жетиштүү»,-деп айтылат маалыматта.

Толук маалыматты «Эко Деми» коомдук фондунан төмөнкү +996 705 055 505, +996 555 733 444 номуру аркылуу алса болот.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!