Жарандар участогун SMS аркылуу билсе болот

25-Май 2017, Бейшемби

Ушул жекшембиде өтүүчү жергиликтүү кеңештерге шайлоо жана күзүндө өтчү президенттик шайлоого карата ар бир жаран SMS кызматы аркылуу өзүнүн шайлоо участогун аныктай алат.

Мамлекеттик каттоо кызматынын маалымат кызматы билдиргендей, ал үчүн шайлоого укугу бар жарандар 119 кыска номерине паспортунун ПИН кодун жиберип билсе болот. Эгерде кат түрүндө канааттандырарлык жооп келбесе, ушул эле номерге чалса да болот. 24-майдан ишке кирген бул кызмат акысыз жүргүзүлөт.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!