Токтогулда 4 көпүрөнү суу алып кетти

25-Май 2017, Бейшемби

Токтогул районунун Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагында 24-май күнү саат 05:00 чамасында Кен-Туу суусунун көлөмү көтөрүлүп, Ак-Жар айылындагы ички чарбалык жолго курулган 4 көпүрөнү суу жеп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Алдына ала маалыматка ылайык, ички чарбалык жол убактылуу жабылган.

Айыл аймак тарабынан ички чарбалык көпүрөлөрдү калыбына келтирүүдө 1 экскватор тартылып, учурда 2 көпүрө калыбына келтирилген.

Мындан тышкары, Тогуз-Торо районунун Көк-Ирим айыл аймагындагы Бирдик айылында ушул эле күндүн түнү Көк-Ирим дарыясында суунун деңгээли көтөрүлүп, сугат арыктарынан ашып, 3 турак үйдүн короолоруна суу кирген.

Жээктерди бекемдөөгө айыл аймактан 1 жүктөгүч жана 15 адам тартылып, кооптуу аймакта сууну тосуу иштери аткарылган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!