​“Шоро” улуттук суусундугу акысыз таратылууда

25-Май 2017, Бейшемби

Кыргызстандын улуттук тамактарын заманбап технологиялар менен өнүктүрүп келе жаткан “Шоро” компаниясы бүгүн, 25-майда, 25 жылдык мааракесине карата элге суусундуктарын акысыз таратууда.

Акысыз суусундук таратуу акциясына “Шоро” компаниясынын жетекчилери жана кызматкерлери да катышып жатат. Учурда суусундука кезеке тургандардын катары арбын.

Мындан тышкары компания 25 жылдык майрамына карата сүрөт сынак жарыялаган. Мында катышуучулар селфи жасап, лайк топтоп, оргиналдуу сүрөттүн авторлору компания тарабынан кызыктыруучу белектер берилмекчи. Сынактын жыйынтыгы 29-майда чыкмакчы.

Белгилей кетсек, "Шоро" компаниясын кыргыздын белгилүү ишмери Табылды Эгембердиев 1992-жылы негиздеген. Учурда компания Кыргызстандын бардык аймактарында өз ишмердүүлүгүн жүргүзүп келет.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!