Атамбаев жабыркаган балдарга каражат бөлдү

25-Май 2017, Бейшемби

Президент Алмазбек Атамбаев шал (ДЦП – церебралдык паралич оорусу) оорусунан жапа чеккен балдарга коляска сатып алуу үчүн 3 млн. сом бөлдү.

Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин маалымат кызматы билдиргендей, балдардын ата-энелерине тендерге катышкан фирма өкүлдөрү кандай коляскалар ыңгайлуу экенин көрсөтүп, багыттама беришкен.

Министрлик маалыматына ылайык, жылына 700 балага шал оорусу менен ооруйт деген диагноз коюлат. Кыргызстанда бул оору менен жабыркаган балдардын саны 2008-жылдан 2015-жылга чейин 120 миңден 173 миңге өскөн.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!