Жээнбеков: "Криминалитетти ооздуктоо эң артыкчылыктуу багыт болуш керек"

Жээнбеков:
1-Ноя. 2019, Жума, 11:56

Бүгүн, 1-ноябрда кыргыз милициясынын түзүлгөндүгүнүн 95 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чарада президент Сооронбай Жээнбеко: "Сиздердин уюшкан кылмыштуу топторго каршы иш жүргүзүп жатканыңарга карабай, бул коркунуч азайбай жатат",- деп баса белгиледи.

Иш чаранын жүрүшүндө мамлекет башчысы уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөштү системалуу жана туруктуу жүргүзүү керектигинин айтты.

риминалитетти ооздуктоо, уюшкан кылмыштуулукту жоюу — силердин ишиңердин эң артыкчылыктуу багыты болушу керек",- деди Жээнбеков.

"Наркотрафикке каршы күрөш боюнча биздин өз жарандарыбыздын гана эмес, коопсуздук боюнча чогуу аракеттенген өнөктөш өлкөлөрүбүздүн алдында да милдеттерибиз бар. Реформанын алкагында тиешелүү кызмат Министрликтин курамына кирген. Бул өзгөрүүлөргө карата коомдун ишеними жана талабы жогору болгон.Ошондуктан наркотрафикке каршы күрөштү отчет үчүн эмес, реалдуу натыйжага жетиш максатында күчөткүлө.Бул багыттагы иштерди кескин жакшыртуу — ички иштер органдарынын жетекчилеринин милдети",- деп кошумчалады мамлекет башчысы.

Белгилей кетсек, буга чейин 23-окятбрда Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев Кыргызстанда кылмыш дүйнөсүнүн өкүлдөрү баш көтөрүп, күч органдары алар менен күрөшүүдө чабал болуп жатканын айтып чыккан.

Мындан улам Ички иштер министри атайын билдирүү тараткан. Андагы билдирүүдө Кыргызстанда криминалитет бат өскөнү боюнча билдирүүнүн өзүндө эч кандай негиздер жок экени жана чындыкка дал келбестиги жана криминалитет башын көтөрүүгө мүмкүнчүлүгү жок экени айтылат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
Саймаитин өлүмү: төртүнчү шектүү кармалды (видео)
Саймаитин өлүмү: төртүнчү шектүү кармалды (видео)
“Кыз бурак” тобунун концерти 1-декабрда Ошто улантылат
“Кыз бурак” тобунун концерти 1-декабрда Ошто улантылат
Анжелика Кайратова: Көз тийди окшойт
Анжелика Кайратова: Көз тийди окшойт
Айзада Жамгырчиевага гүл жөнөтүп жаткан сырдуу жигит ким?
Айзада Жамгырчиевага гүл жөнөтүп жаткан сырдуу жигит ким?
Япониянын императору Күн теңири менен тамактанды
Япониянын императору Күн теңири менен тамактанды
​Футбол учурда ок жаңырды (видео)
​Футбол учурда ок жаңырды (видео)
Кыргызстанда жыл башынан бери канча кен казылды?
Кыргызстанда жыл башынан бери канча кен казылды?
NASA: Космосто көпкө жүргөндөрдүн каны айланбай калат
NASA: Космосто көпкө жүргөндөрдүн каны айланбай калат
Райондордогу жолду оңдоо иштерине 600 млн сом коротулду
Райондордогу жолду оңдоо иштерине 600 млн сом коротулду
​Криштиану Роналду күйөрмандын телефонун жулуп алды (видео)
​Криштиану Роналду күйөрмандын телефонун жулуп алды (видео)
Өлкө боюнча көмүрдүн баасы кымбаттады (таблица)
Өлкө боюнча көмүрдүн баасы кымбаттады (таблица)
Уран сактоочу жайлардын реабилитациясына грант бөлүнөт
Уран сактоочу жайлардын реабилитациясына грант бөлүнөт
Нурмагомедов Африкада  таймаш өткөрүүнү айтты
Нурмагомедов Африкада таймаш өткөрүүнү айтты
“Джерүй” 2020-жылдын март айынан баштап алтын чыгара баштайт
“Джерүй” 2020-жылдын март айынан баштап алтын чыгара баштайт
Путин Сооронбай Жээнбековду туулган күнү менен куттуктады
Путин Сооронбай Жээнбековду туулган күнү менен куттуктады
Климат боюнча сунуштар кабыл алынбаган парламентти суу каптады
Климат боюнча сунуштар кабыл алынбаган парламентти суу каптады