Пакистандык жаран кармалды

25-Май 2017, Бейшемби

Кыргызстандын аймагында мыйзамсыз миграция боюнча алектенген Пакистандын жараны кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 25-майда Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, ИИМдин Онунчу башкы баркармалыгына Бишкек шаарында убактылуу жашап жаткан 22 жаштагы С.М. аттуу Пакистандын тургуну кайрылган. Себеби аны Наим аттуу жаран Пакистандан Японияга баруу үчүн документтерди даярдоо үчүн Кыргызстанга чакырган.

Ал бул ишти бүтүрүп берүү үчүн 5 700 АКШ долларын алган.

“Бул факты боюнча Кылмыш жаза кодексинин “мыйзамсыз миграция уюштуруу” беренесинин негизинде кылмыш иши козголгон. Милиция кызматкерлери жүргүзгөн ыкчам издөө иш-аракеттеринин жыйынтыгында Бишкек шаарында жашап жаткан 43 жаштагы М.Н. аттуу пакистандык жаран кармалган”,- деп айтылат билдирүүдө.

Кармалган жаран Бишкек шаарынын №1 тергөө абагына камалып, ыкчам тергөө иштери улантылып жатат.

Эскерте кетсек, буга чейин да Кыргызстандын аймагында мыйзамсыз миграция боюнча алектенүүгө шектелип пакистандык 35 жаштагы Сажид Абдуллах жана 27 жаштагы Сажид Васем аттуу жарандар кармалышкан. Алар алдамчылык жол менен документ жасап, чет өлкөлүктөрдүн Кыргызстанга киришин шартташкан. Тактап айтканда алар интернет аркылуу Индия жана Пакистандын жарандарын окууга тапшырыш үчүн чакырышып, алдоо жолу менен акчаларын алып турушкан. Алдын ала маалыматтарга ылайык, келтирилген чыгым 6 600 доллардан ашык акча каражатын түзгөн.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!