Каналдан белгисиз адамдын сөөгү табылды

25-Май 2017, Бейшемби

Кадамжайда каналдан куткаруучулар белгисиз эркек кишинин сөөгүн табышты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, ӨКМнин 3-өзүнчө мобилдештирилген тоо-кен куткаруу взводунун куткаруучулары аталган райондун Абсамат айылындагы каналдан белгисиз эркек кишинин сөөгүн алып чыгып, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Табылган адамдын өздүгү такталууда.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!