Абылгазиев «Торугарт» көзөмөл-өткөрмө жайынын иши менен таанышты

Абылгазиев «Торугарт» көзөмөл-өткөрмө жайынын иши менен таанышты
4-Ноя. 2019, Дүйшөмбү, 11:07

Жүктү кароо үчүн жаңы орнотулган стационардык инспектордук-текшерүүчү комплекс Бажы кызматынын ишин ыкчамдатууга жана анын ачык болуусуна шарт түзөт. Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Нарын облусундагы «Торугарт» көзөмөл-өткөрмө жайынын иши менен таанышуу маалында билдиргенин өкмөттүн басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Кыргызстан Евразия экономикалык биримдигине кошулуусу боюнча «Жол картаны» жүзөгө ашыруунун алкагында Россия тарап «Торугарт» көзөмөл-өткөрүү пунктуна материалдык-техникалык жабдууга 120 млн доллар бөлгөн.

Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Алтынбек Торутаев учурда модернизациялоо иштери аягына чыкканын жана жаңы жабдуулар ишке даяр экенин айтты.

«Учурда ар бир өлкө рыноктогу орун үчүн күрөшүүдө. Бул кадыресе эле көрүнүш. Жүк ташуучулар алып келген жүктү текшерүү системасын жакшыртуу маанилүү милдеттердин бири. Биздин өлкөнүн ЕАЭБдин стандарттарына жооп берген заманбап текшерүү системасына өтүүсү, бул бизнес үчүн тиешелүү шарттарды түзүп жатканыбызды айтып турат», – деп белгиледи Өкмөт башчы.

Премьер-министр «Торугарт» көзөмөл-өткөрмө жайындагы бажы жана чек ара кызматтарынын иши менен таанышты.

Маалыматтык система 2013-жылдан бери Кыргызстан бардык аймактарында иштеп жатат. 2014-жылдын январь айынан бери товарларды декларациялоо электрондук ыкма менен гана жүргүзүлүүдө. Учурда ЕАЭБке мүчө-өлкөлөрдүн бажы кызматтарынын ортосунда бажы транзитин көзөмөлдөө, мүчө-өлкөлөрдүн аймагынан товарларды чыгарып кетүүнү ырастоо, транспорт каражаттарын убактылуу алып келүү/ташып келүүнү каттоо жана көзөмөлдөө боюнча маалымат алмашуу ишке ашырылууда.

Бүгүнкү күнү учурдагы 14 көзөмөл-өткөрмө жайынын ичинен 12си модернизацияланган. Алардын алтоо стационардык инспектордук-көрүү комплекси менен жабдылган. 5-ноябрда «Эркештам» өткөрмө жайынын ачылышы болот.

Белгилей кетсек, Кыргызстан менен Кытайдын ортосунда 1996-жылдын 6-сентябрында кол коюлган Макулдашуунун алкагында «Торугарт» КӨЖ ишинин укуктук негизи түзүлгөн.

Бул макулдашууга жана өкмөттүн 2007-жылдын 19-ноябрындагы № 556 токтомуна ылайык, «Торугарт» өткөрмө пункту эл аралык макамга ээ, ал күнү-түнү иштейт.

Мында мамлекеттик көзөмөлдүн чек ара, бажы, транспорттук, медициналык, санитардык-карантиндик, ветеринардык жана фитосанитардык түрлөрү жүргүзүлөт.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
Саймаитин өлүмү: төртүнчү шектүү кармалды (видео)
Саймаитин өлүмү: төртүнчү шектүү кармалды (видео)
“Кыз бурак” тобунун концерти 1-декабрда Ошто улантылат
“Кыз бурак” тобунун концерти 1-декабрда Ошто улантылат
Анжелика Кайратова: Көз тийди окшойт
Анжелика Кайратова: Көз тийди окшойт
Айзада Жамгырчиевага гүл жөнөтүп жаткан сырдуу жигит ким?
Айзада Жамгырчиевага гүл жөнөтүп жаткан сырдуу жигит ким?
Япониянын императору Күн теңири менен тамактанды
Япониянын императору Күн теңири менен тамактанды
​Футбол учурда ок жаңырды (видео)
​Футбол учурда ок жаңырды (видео)
Кыргызстанда жыл башынан бери канча кен казылды?
Кыргызстанда жыл башынан бери канча кен казылды?
NASA: Космосто көпкө жүргөндөрдүн каны айланбай калат
NASA: Космосто көпкө жүргөндөрдүн каны айланбай калат
Райондордогу жолду оңдоо иштерине 600 млн сом коротулду
Райондордогу жолду оңдоо иштерине 600 млн сом коротулду
​Криштиану Роналду күйөрмандын телефонун жулуп алды (видео)
​Криштиану Роналду күйөрмандын телефонун жулуп алды (видео)
Өлкө боюнча көмүрдүн баасы кымбаттады (таблица)
Өлкө боюнча көмүрдүн баасы кымбаттады (таблица)
Уран сактоочу жайлардын реабилитациясына грант бөлүнөт
Уран сактоочу жайлардын реабилитациясына грант бөлүнөт
Нурмагомедов Африкада  таймаш өткөрүүнү айтты
Нурмагомедов Африкада таймаш өткөрүүнү айтты
“Джерүй” 2020-жылдын март айынан баштап алтын чыгара баштайт
“Джерүй” 2020-жылдын март айынан баштап алтын чыгара баштайт
Путин Сооронбай Жээнбековду туулган күнү менен куттуктады
Путин Сооронбай Жээнбековду туулган күнү менен куттуктады
Климат боюнча сунуштар кабыл алынбаган парламентти суу каптады
Климат боюнча сунуштар кабыл алынбаган парламентти суу каптады