Бурана суусуна агып кеткен аял изделүүдө

25-Май 2017, Бейшемби

Бурана суусуна агып кеткен аялды издөөгө бир бөлүмдүн куткаруучулары тартылды. Бул тууралуу бүгүн, 25-майда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Алардын маалыматы боюнча, Чүй районунун Султан айылындагы Туюк жер тилкесиндеги Бурана суусунан эки аял атчан өтүп баратып, бирөөсү аты менен кошо сууга агып кеткен.

“ӨКМнин 21-аскерлештирилген өрт-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары издөө иштерин жүргүзгөн, бирок табылган жок”,- деп айтылат билдирүүдө.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!