Активист троллейбустар боюнча өкмөткө кайрылды

25-Май 2017, Бейшемби

Бишкектин тургундары калаанын борборунда бир гана троллейбустар жүрүүсүн талап кылып шаар жетекчиси Албек Ибраимовго, өкмөт башчы Сооранбай Жээнбековго, Транспорт жана жолдор министри Замирбек Айдаровго кайрылуу жасап, кол топтой башташты.

Мындай демилгени активист Александр Мельников көтөрүп чыгып, учурда кайрылууга 337 шаар тургуну кол койгон.

“Мунайды тыштан импорттобостон, өзүбүздөн өндүрүлүп чыккан электр энергиясын троллейбустарга жумшасак, Бишкек шаарынын транспорту үчүн узакка созулган инвестиция болмок. Троллейбустар жүргүнчүлөр үчүн ыңгайлуу жана кооптуу эмес. Мындан тышкары жол тыгындарын жаратпайт жана ошону менен бирге жолдордо ондогон транспорттордун саны кыскарат. Айдоочунун каалоосу менен багытын өзгөртө албайт жана жолдордо орун алган жарыштарды жургүзө алышпайт”,-дейт Мельников.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!