Абылгазиев:"Усубалиевди өндүрүшчү, башкы курулушчу деп атоого болот"

Абылгазиев:
4-Ноя. 2019, Дүйшөмбү, 16:44

Өлкөнүн өнүгүүсүнө күчүн аябастан зор салым кошкон адамдардын коомдогу ардактуу ордун белгилөө, аларга таазим этүү– биздин муундун милдети. Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Турдакун Усубалиевдин 100 жылдыгын өткөрүүнүн алкагында Нарын шаарында уюштурулган иш-чарада билдиргенин өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.

«Советтер Союзунун башка республикалар менен катар эле курамына кошулуу менен биз чоң пайданы гана таптык. Бул ошол кезде иштеген жетекчилердин зор эмгегинин натыйжасында болду. Айрыкча 60-80-жылдары республиканын өнүгүшүндө Турдакун Усубалиев зор салым кошту. Ал бүт өмүрүн өз элине-жерине кызмат кылууга арнады. Биз муну дайыма эстеп жүрүшүбүз керек. Саясий жана мамлекеттик ишмердин 100 жылдыгын карата өткөрүлүп жаткан иш-чаралар – бул анын эмгегин баалоонун аз гана бөлүгү» – деди Абылгазиев.

Өкмөт башчы баса белгилегендей, Турдакун Усубалиев өзүн сөзүнө бекем жана иштин көзүн билген адам катары көрсөттү.

«Анын жетекчилиги алдында республика агрардык-индустриалдык өлкөгө айланган. Тамак-аш жана жеңил өнөр жай, машина куруу, энергетика, курулуш тармактары өнүктү. Дал ушул үчүн Турдакун Усубалиевди өндүрүшчү, башкы аграрий жана курулушчу деп атоого болот. Анын убагында ондогон стратегиялык трассалар салынды, анын ичинде өлкө үчүн олуттуу мааниге ээ Фрунзе-Ош жолу бар. Бул жолдун ачылышы менен гидроэлектрстанциялар курулуп, республика гана эмес, коңшу өлкөлөр дагы жарык жана жылуулук менен камсыз болушту. Мындан тышкары Улуттук хирургиялык борбор, кардиологиялык борбор, бардык облустук жана райондук ооруканалар салынган. Бүгүнкү күндөгү 2265 мектептин 70% анын учурунда курулган. Биздин борбордук аянтты ак мрамордон жасоо дал ушул инсанга таандык. Турдакун Усубалиевдин өмүр жолу – чыныгы куруучунун жолу, чыныгы жаратман мамлекеттик ишмердин жолу деп так айта алабыз», – деди ал.

Белгилей кетсек, белгилүү мамлекеттик ишмер Турдакун Усубалиев 1919-жылы 6-ноябрда Кочкор районундагы Кочкор кыштагында туулган. Ал 2015-жылы 6-сентябрда узакка созулган оорудан каза болгон.

Ал жетекчи болуп турган учурда Бишкектеги ЭВМ, автомобиль жыйноочу заводдор, Оштогу ХБК, Кара-Балтадагы килем комбинаттары, Канттагы цемент-шифер, Токмоктогу айнек заводдору иштеп баштаган. Бишкектеги "Манас" аэропорту жана Лейлек, Нарын, Каракол аэропорттору пайдаланууга берилген. Ошондой эле Турдакун Усубалиевдин түздөн-түз жетекчилиги менен Ала-Тоо аянты, Ак үй, Ленин атындагы борбордук музей, Ленин атындагы китепкана, Спорт сарайы, Цирк, Филармония, Улуттук тарых музейи, Кыргыз драма театры, "Айчүрөк" борбордук универмагы, "Жеңиш" комплекси, Илимдер академиясынын имараттары жана башка объектилер курулган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
Октябрда Жогорку Кеңешке 642 миң доллардан ашык айлык берилди
Октябрда Жогорку Кеңешке 642 миң доллардан ашык айлык берилди
Президент Шайлоо комиссиясынын 30 жылдыгы менен куттуктады
Президент Шайлоо комиссиясынын 30 жылдыгы менен куттуктады
Республикада 4 миң тоннадан ашык торт өндүрүлдү
Республикада 4 миң тоннадан ашык торт өндүрүлдү
Рухани: Эң оор күндөрдү баштан өткөрүп жатабыз
Рухани: Эң оор күндөрдү баштан өткөрүп жатабыз
 Тышкы соода жүгүртүү 5 млрд доллардан ашты
Тышкы соода жүгүртүү 5 млрд доллардан ашты
Кызамыктын алдын алыңыз!
Кызамыктын алдын алыңыз!
Абылгазиев:
Абылгазиев: "Бийлик өнүгүү максаттарына жетүүдө биримдикти көрсөтүштү"
Кытайдан Кыргызстанга 161,7 млн долларга бут кийим импорттолгон
Кытайдан Кыргызстанга 161,7 млн долларга бут кийим импорттолгон
Эки беттүү мышык аман калууга аракеттенүүдө
Эки беттүү мышык аман калууга аракеттенүүдө
Жунушалиев:
Жунушалиев: "Саймаитиге Интерпол аркылуу эл аралык издөө жарыяланган"
Назарбаев Путин-Зеленский саммитине ортомчулук кылууда
Назарбаев Путин-Зеленский саммитине ортомчулук кылууда
Кайсы таттууларда зыяндуу кошулмалар бар?
Кайсы таттууларда зыяндуу кошулмалар бар?
Элмира Таджиева: “Учурда үнү жок, билими жок болсо да аракети күч жаштар арбын”
Элмира Таджиева: “Учурда үнү жок, билими жок болсо да аракети күч жаштар арбын”
Арыкташ үчүн кирди да, идишти да колго жууңуз!
Арыкташ үчүн кирди да, идишти да колго жууңуз!
Россиядан Кыргызстанга 191,3 млн долларга бааланган мунай жеткирилди
Россиядан Кыргызстанга 191,3 млн долларга бааланган мунай жеткирилди
Ак-Буура дарыясынын жээгинде эс алууга шарт түзүлөт
Ак-Буура дарыясынын жээгинде эс алууга шарт түзүлөт