УКМК: Сириядагы согушка катышкан кыргыз жараны кармалды

УКМК: Сириядагы согушка катышкан кыргыз жараны кармалды
5-Ноя. 2019, Шейшемби, 10:52

Эл аралык террористтик уюмдун мүчөсү болуп Сирия өкмөтүнө каршы согушка катышкан кыргыз жараны кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 5-ноябрда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттинен билдиришти.

Маалыматка ылайык. октябрь айында УКМК өнөктөш кызматтар менен биргеликте эл аралык террористтик уюмдардын мүчөлөрүн жана согушкерлердин Кыргызстандын аймагына кирүү каналына бөгөт коюуу алкагында жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, “Жалданмачылык” беренеси боюнча издөөдө жүргөн Жалал-Абад облусунун 24 жаштагы Х.М. аттуу тургуну кармалды.

"Кармалган адам 2015-жылы Сирияга кетип, диверсиялык-террористтик атайын даярдыктан өтүп жана эл аралык террористтик уюмдун мүчөсү болуп Сирия өкмөтүнө каршы согушка катышкан.

Кылмыштуу максаттарын жашыруу үчүн КМШ мамлекеттеринин биринде эмгек мигранты катары жашырынып жүргөн",- деп айтылат маалыматта.

Учурда кармалган адам Жалал-Абад шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тергөө иштери жүрүп жатат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
Саймаитин өлүмү: төртүнчү шектүү кармалды (видео)
Саймаитин өлүмү: төртүнчү шектүү кармалды (видео)
“Кыз бурак” тобунун концерти 1-декабрда Ошто улантылат
“Кыз бурак” тобунун концерти 1-декабрда Ошто улантылат
Анжелика Кайратова: Көз тийди окшойт
Анжелика Кайратова: Көз тийди окшойт
Айзада Жамгырчиевага гүл жөнөтүп жаткан сырдуу жигит ким?
Айзада Жамгырчиевага гүл жөнөтүп жаткан сырдуу жигит ким?
Япониянын императору Күн теңири менен тамактанды
Япониянын императору Күн теңири менен тамактанды
​Футбол учурда ок жаңырды (видео)
​Футбол учурда ок жаңырды (видео)
Кыргызстанда жыл башынан бери канча кен казылды?
Кыргызстанда жыл башынан бери канча кен казылды?
NASA: Космосто көпкө жүргөндөрдүн каны айланбай калат
NASA: Космосто көпкө жүргөндөрдүн каны айланбай калат
Райондордогу жолду оңдоо иштерине 600 млн сом коротулду
Райондордогу жолду оңдоо иштерине 600 млн сом коротулду
​Криштиану Роналду күйөрмандын телефонун жулуп алды (видео)
​Криштиану Роналду күйөрмандын телефонун жулуп алды (видео)
Өлкө боюнча көмүрдүн баасы кымбаттады (таблица)
Өлкө боюнча көмүрдүн баасы кымбаттады (таблица)
Уран сактоочу жайлардын реабилитациясына грант бөлүнөт
Уран сактоочу жайлардын реабилитациясына грант бөлүнөт
Нурмагомедов Африкада  таймаш өткөрүүнү айтты
Нурмагомедов Африкада таймаш өткөрүүнү айтты
“Джерүй” 2020-жылдын март айынан баштап алтын чыгара баштайт
“Джерүй” 2020-жылдын март айынан баштап алтын чыгара баштайт
Путин Сооронбай Жээнбековду туулган күнү менен куттуктады
Путин Сооронбай Жээнбековду туулган күнү менен куттуктады
Климат боюнча сунуштар кабыл алынбаган парламентти суу каптады
Климат боюнча сунуштар кабыл алынбаган парламентти суу каптады