Жээнбеков:"Усубалиев бир доордун кайталангыс инсаны"

Жээнбеков:
5-Ноя. 2019, Шейшемби, 17:26

Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстандын көрүнүктүү мамлекеттик жана саясий ишмери Турдакун Усубалиевдин 100 жылдык мааракесинин алдында анын небереси Эрмек Усубалиев менен жолугушту. Бул тууралуу бүгүн, 5-ноябрда президенттик аппараттан кабарлашты.

Маалыматка караганда, Усубалиевдин 100 жылдык мааракесинин алкагындагы иш-чаралар, анын ичинде бир катар маданий жана илимий иш-чаралар, эскерүү кечелери, биографиялык басылмаларды даярдоо боюнча пикир алышуу болду.

Мамлекет башчысы Усубалиев жөнүндө эскерүүлөрү менен бөлүшүп, анын кыргыз мамлекеттүүлүгүн бекемдөөгө, өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө жана коомдун турмушундагы бардык тармактарга кошкон зор салымын белгиледи.

Жээнбеков Усубалиев Кыргызстандын тарыхында өзгөчө орунду ээлеген бир доордун кайталангыс инсаны экенин баса белгиледи.

Эрмек Усубалиев мамлекет башчысына Турдакун Усубалиевдин 100 жылдык мааракесин кеңири өткөрүү боюнча демилгеси жана колдоосу үчүн Усубалиевдин туугандарынын жана жакындарынын атынан ыраазычылык билдирди. Ал бардык пландалган иш-чаралар өз убагында өткөнүн жана ага катышкан мамлекеттик органдардын ишин канааттануу менен белгиледи.

Жээнбеков жана Эрмек Усубалиев 6-ноябрда, Турдакун Усубалиевдин туулган күнүндө Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында өтө турчу 100 жылдык мааракесинин алкагында салтанаттуу иш-чараларга карата даярдыктардын жыйынтыгын чыгарышты.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!