Калкты жана турак жай фондун каттоо комиссиясынын жыйыны өттү

Калкты жана турак жай фондун каттоо комиссиясынын жыйыны өттү
6-Ноя. 2019, Шаршемби, 10:22

Биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов 2020-жылы калкты жана турак жай фондун каттоо боюнча республикалык комиссиянын кезектеги жыйынын өткөрдү. Бул тууралуу бүгүн, 6-ноябрда өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2020-жылы калкты жана турак жай фондун каттоого даярдыктардын жүрүшү тууралуу маалыматтарды уккан биринчи вице-премьер-министр Бишкек шаардык мэриясынын өз административдик-аймактык чегин тактоо боюнча ишинин жетишсиздигин белгиледи.

«Бир нече жолку эскертүүлөргө карабастан, Бишкек мэриясы борбор калаанын административдик-аймактык чегин алигиче тактай элек. Эгерде жалпы республика боюнча аты бериле элек көчөлөрдүн үлүшү 0,9 пайызды, номери жок үйлөр (батирлер) 3,6 пайызды түзсө, Бишкек шаары боюнча бул көрсөткүчтөр 11,7 жана 30,8 пайыз болуп саналат. Өзгөчө белгилеп айтып коеюн, калкты жана турак жай фондун каттоо – бул жөн гана статистикалык маалыматтарды топтоо эмес. Бул мамлекеттик мааниге ээ иш-чара. Каттоонун жыйынтыктары өлкө калкынын жашоо шарттарын жакшыртууга багытталган улуттук программаларды иштеп чыгууну шарттайт», – деп белгиледи ал.

Жыйындын жүрүшүндө Республикалык комиссиянын мүчөлөрүнө 2020-жылы калкты жана турак жай фондун каттоого даярдыктардын жана пландын аткарылышы тууралуу маалымат берилди.

Белгилей кетсек, кезектеги калкты жана турак жай фондун каттоо 2020-жылдын 23-мартынан 1-апрелине чейин өтөт.

Республиканын калкын каттоо уюлдук байланыш технологияларын пайдалануу менен өтөөрү пландалууда.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
14 миң салык төлөөчү салык отчетторун бербей жатат
14 миң салык төлөөчү салык отчетторун бербей жатат
Франциянын “Flowbird” компаниясы Кыргызстанга өндүрүш ачат
Франциянын “Flowbird” компаниясы Кыргызстанга өндүрүш ачат
Төрөбаев: Өндүрүшчүлөр ЕАЭБдин рыногуна чыга албай жатат
Төрөбаев: Өндүрүшчүлөр ЕАЭБдин рыногуна чыга албай жатат
Шекердин баасы 11.5 пайызга арзандады
Шекердин баасы 11.5 пайызга арзандады
Импичмент сурагы: Украинага кысымды президент тапшырды
Импичмент сурагы: Украинага кысымды президент тапшырды
Алтын базары: бир граммы 35 сомго кымбаттады
Алтын базары: бир граммы 35 сомго кымбаттады
​Жеңилбес Флойд Мейвезер рингге чыгаарын жар салды
​Жеңилбес Флойд Мейвезер рингге чыгаарын жар салды
ИИМ: акча ташыган ишкердин өлүмүнө шектелгендерден 100 миң доллар алынды
ИИМ: акча ташыган ишкердин өлүмүнө шектелгендерден 100 миң доллар алынды
Жамалдинов:
Жамалдинов:"Көмүрдүн баасы көтөрүлүүдө. Көзөмөлдү күчөтүү зарыл"
Депутат: УКМКда уурдалды деген акчалардын катталган номурларын көрсөтсүн
Депутат: УКМКда уурдалды деген акчалардын катталган номурларын көрсөтсүн
Америкалык компаниялар “Huawei” менен келишимди узартты
Америкалык компаниялар “Huawei” менен келишимди узартты
Спортчунун булчуңдарынан гелди алып чыгышты
Спортчунун булчуңдарынан гелди алып чыгышты
Жээнбеков: Ислам жана Православие - биздин руханий мурасыбыз
Жээнбеков: Ислам жана Православие - биздин руханий мурасыбыз
Аутизм деген эмне? Ал кандай оору?
Аутизм деген эмне? Ал кандай оору?
Активист Грета Тунберг мезгил жүргүнчүсүбү?
Активист Грета Тунберг мезгил жүргүнчүсүбү?
​Криштиану Роналду жашыруун үйлөндү
​Криштиану Роналду жашыруун үйлөндү