Футбол боюнча беттеш күйөрмандардын катышуусуз өтүп калышы мүмкүнбү?

Футбол боюнча беттеш күйөрмандардын катышуусуз өтүп калышы мүмкүнбү?
6-Ноя. 2019, Шаршемби, 11:57

Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова Дүйнө чемпионаты-2022 жана 2023-жылдагы Азия Кубогунун жолдоштук жана тандоо матчтарына Кыргызстандын футбол боюнча курама командасын даярдоо жана катышуусун уюштуруу комитетинин жыйынын өткөрдү. Бул тууралуу бүгүн, 6-ноябрда өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жыйында стадиондо коомдук тартипти камсыздоо, кысылыштын алдын алуу, стадионго билетсиз киргендерге жол бербөө маселелери талкууланды. Оюндар өткөн күндөрү милиция кызматкерлери тарабынан бир катар көчөлөрдө унаа кыймылы жабылат.

Кыргызстандын Футбол федерациясынын төрагасы маалымдагандай, федерация өткөн оюндагы эреже бузууларга тийиштүү FIFA дисциплинардык комитетинин чечимин күтүп жатат. Кыргызстан жана Мьянманын курамаларынын ортосундагы беттеш учурунда күйөрмандардын бири оюн талаасына чуркап чыккан. Эми Футбол федерациясы бул окуя үчүн санкция күтүүдө, анын ичинде комитет акчалай айып же оюндарды стадиондо күйөрмандардын катышуусу менен өткөрүүгө тыюу салуусу мүмкүн.

Өмүрбекова эске салгандай, акыркы жылдары өлкөдө футбол өнүгүүдө жана спорттун бул түрүнө болгон кызыгуунун өсүшү байкалууда.

«Биздин күйөрмандар Кыргызстандын футбол боюнча Улуттук курамасынын тандоо оюндарын чыдамсыздык менен күтүп жатышат. Командабыз турнирдин кийинки баскычына чыгат деген ишеним жана үмүтүбүз бар. Балдар мыкты оюн жана жакшы жыйынтыктарды көрсөтүп жатышат. Биз өз кезегинде көмөк көрсөтүп, бардык уюштуруучулук маселелерди чечип, стадионду тиешелүү деңгээлде даярдоого тийишпиз», – деди Өмүрбекова.

Вице-премьер-министр эске салгандай, дүйнө чемпионатынын тандоо баскычынын оюндарын өткөрүүдө Кыргызстанга атаандаштар гана эмес, алардын күйөрмандары, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү да келишет. Ошондуктан стадионду иретке келтирип, коопсуздук чараларын талаптагыдай камсыз кылуу керек.

Ички иштер министрлигинин өкүлү Кыргызстан жана Япониянын курамаларынын ортосундагы мелдеш күйөрмандардын толкундануусун жаратышы мүмкүндүгүн айтып, стадиондо жана анын тегерегинде коопсуздукту жана тартипти камсыздоо маселелерине өзгөчө көңүл буруларына ишендирди.

Белгилей кетсек, квалификациялык раунддун тандоо оюндарында Кыргызстандын Улуттук курамасы Япония, Тажикстан, Монголия жана Мьянманын командалары менен F тобуна кирген.

Дүйнө чемпионатынын финалдык бөлүгү 2022-жылы Катар Мамлекетинде өтөт.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
14 миң салык төлөөчү салык отчетторун бербей жатат
14 миң салык төлөөчү салык отчетторун бербей жатат
Франциянын “Flowbird” компаниясы Кыргызстанга өндүрүш ачат
Франциянын “Flowbird” компаниясы Кыргызстанга өндүрүш ачат
Төрөбаев: Өндүрүшчүлөр ЕАЭБдин рыногуна чыга албай жатат
Төрөбаев: Өндүрүшчүлөр ЕАЭБдин рыногуна чыга албай жатат
Шекердин баасы 11.5 пайызга арзандады
Шекердин баасы 11.5 пайызга арзандады
Импичмент сурагы: Украинага кысымды президент тапшырды
Импичмент сурагы: Украинага кысымды президент тапшырды
Алтын базары: бир граммы 35 сомго кымбаттады
Алтын базары: бир граммы 35 сомго кымбаттады
​Жеңилбес Флойд Мейвезер рингге чыгаарын жар салды
​Жеңилбес Флойд Мейвезер рингге чыгаарын жар салды
ИИМ: акча ташыган ишкердин өлүмүнө шектелгендерден 100 миң доллар алынды
ИИМ: акча ташыган ишкердин өлүмүнө шектелгендерден 100 миң доллар алынды
Жамалдинов:
Жамалдинов:"Көмүрдүн баасы көтөрүлүүдө. Көзөмөлдү күчөтүү зарыл"
Депутат: УКМКда уурдалды деген акчалардын катталган номурларын көрсөтсүн
Депутат: УКМКда уурдалды деген акчалардын катталган номурларын көрсөтсүн
Америкалык компаниялар “Huawei” менен келишимди узартты
Америкалык компаниялар “Huawei” менен келишимди узартты
Спортчунун булчуңдарынан гелди алып чыгышты
Спортчунун булчуңдарынан гелди алып чыгышты
Жээнбеков: Ислам жана Православие - биздин руханий мурасыбыз
Жээнбеков: Ислам жана Православие - биздин руханий мурасыбыз
Аутизм деген эмне? Ал кандай оору?
Аутизм деген эмне? Ал кандай оору?
Активист Грета Тунберг мезгил жүргүнчүсүбү?
Активист Грета Тунберг мезгил жүргүнчүсүбү?
​Криштиану Роналду жашыруун үйлөндү
​Криштиану Роналду жашыруун үйлөндү