Жээнбеков: "Усубалиев Кыргызстанды кооптуу долбоорлордон сактап калган"

Жээнбеков:
6-Ноя. 2019, Шаршемби, 14:29

Бүгүн, 6-ноябрда мамлекеттик жана коомдук ишмер Турдакун Усубалиевдин 100 жылдык мааракесине арналган Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында өтүп жаткан салтанаттуу иш-чарада президент Сооронбай Жээнбеков:«Турдакун Усубалиев — кыргыз мамлекетинин өзгөчө доорунун, жарк этип, тез өнүккөн тарыхый мезгилинин лидери», — деп баса белгиледи.

Мамлекет башчысы өз сөзүндө Турдакун Усубалиевич өлкөнү башкарган 1961-85–жылдар — Кыргызстандын тарыхында өчпөс тамгалар менен жазылып калган, "алтын доор" болгонун айтты.

«"Тоо алыстан даана көрүнөт" дегендей, бул жылдардын өлкөбүз үчүн тарыхый мааниси, ал тарыхты жараткан элибиздин эмгеги, ошол кезде журтубузду алга сүрөгөн Усубалиевдин бийик лидерлик сапаттары келечекте дагы даана байкалат.

Усубалиевдин учурунда, биздин республикада — айыл чарбада, өнөр-жайда, энергетикада, саламаттыкты сактоодо, билимде, маданиятта — дээрлик баардык чөйрөдө "өнүгүүнүн керемети" орун алды. Өлкөбүздүн экономикалык гана эмес, кеңири масштабдуу өнүгүүсүнүн өзгөчө доору болгон деп бааласак жарашат. Бул — абдан сейрек кездешчү, уникалдуу тарых десек болот.

Сөзүбүз куру болбош үчүн айрым гана фактыларды келтирейин. Аталган мезгилде республикабызда өнөр жай тармагы калыптанды, гидроэлектростанциялар, заводдор, фабрикалар, жеӊил өнөр жай ишканалары курулду. Жалпы Борбордук Азияга мааниси чоң — Токтогул ГЭСи, Күрпсай, Ташкөмүр, Шамалдысай, Үч-Коргон ГЭСтери пайдаланууга берилди. Республиканын территориялык бүтүндүгүнө таасири чоң — Ош-Фрунзе жолунун курулушу аяктады. Жамбыл–Талас-Суусамыр, Ош-Сарыташ-Карамык жолдору курулду. Ошол жылдары „Манас“ эл аралык аэропорту, „Ала-Тоо“ аянты, Улуттук филармония, Кыргыз драма театры, Орус драма театры, Өкмөт үйү, Илимдер академиясы, Борбордук китепкана, Тарых музейи, Борбордук цирк, коопсуздук жана коргонуу органдарынын имараттары курулуп, ишке киргизилгенин — бүгүн ушул жерде олтургандардын көпчүлүгү билебиз. Усубалиевич ушул жана башка курулуштарды долбоорлоо, каржылоо жана сапаттуу куруу үчүн жеке камкордук көрүп, тикелей көзөмөл кылган. Ошол кезде бир нече кичи райондор курулуп, жүз миӊдеген квартиралар пайдаланууга берилген. Турдакун Усубалиевичтин эмгегине ыраазы болгон Чынгыз Айтматов, аны — борбор калаабыздын „башкы архитектору“ деп атаган. Жалпы республиканын аймагында ооруканалар, маданий эс алуу, жогорку окуу жайлар, социалдык объектилер курулган»,- деди Жээнбеков.

«Турдакун Усубалиевич — Кыргызстанды ар түрдүү кооптуу долбоорлорду ишке ашыруу аракеттеринен сактап калган.Ал Соң-Көлдүн суусун Нарын дарыясына бурабыз деген коогалаңдуу долбоордон жана Чаткал дарыясына суу сактагыч куруп, ал территорияны сууга бастыра турган коркунучтан сактап калганын улуу муун жакшы билет. Чүйдө кара куурайды, Ысык-Көлдө апийимди өстүрүүнү токтотуу үчүн Союздун деӊгээлинде кайра–кайра маселе коюп жүрүп, элибиздин генофондуна зыян келтирчү чоӊ кырсыктан сактап калган.Бул күч-аракеттери — анын канчалык көрөгөч жана даанышман, өз эли-журтун сүйгөн мыкты патриот уул болгондугун айгинелеп турат»,- деп кошумчалы президент.

Белгилей кетсек, белгилүү мамлекеттик ишмер Турдакун Усубалиев 1919-жылы 6-ноябрда Кочкор районундагы Кочкор кыштагында туулган. Ал 2015-жылы 6-сентябрда узакка созулган оорудан каза болгон.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
УКМКнын 9-кызматына башчынын милдетин аткаруучу дайындалды
УКМКнын 9-кызматына башчынын милдетин аткаруучу дайындалды
​Хабиб Фергюсон менен таймашта 10 миллион доллар алат
​Хабиб Фергюсон менен таймашта 10 миллион доллар алат
Ырыскелди Осмонкулов 50 жылдык мааракесине арналган концертин өткөрөт
Ырыскелди Осмонкулов 50 жылдык мааракесине арналган концертин өткөрөт
Ноябрь айында Жогорку Кеңештин айлык маянасы кыскарды
Ноябрь айында Жогорку Кеңештин айлык маянасы кыскарды
Кыргызстанда 11 миң чакан ишкана иштеп жатат
Кыргызстанда 11 миң чакан ишкана иштеп жатат
Лионель Мессинин айкели тургузулат
Лионель Мессинин айкели тургузулат
Кыргызстан Өзбекстанга мал жана картошка экспорттой баштады
Кыргызстан Өзбекстанга мал жана картошка экспорттой баштады
Улуттук банк: 2020-жылдын I жарымында инвестициялык абал туруктуу болот
Улуттук банк: 2020-жылдын I жарымында инвестициялык абал туруктуу болот
Кытай Кыргызстанга 215 млн доллар инвестиция салган
Кытай Кыргызстанга 215 млн доллар инвестиция салган
​Руис – Джошуа: Жылдын реваншы бүгүн өткөрүлөт
​Руис – Джошуа: Жылдын реваншы бүгүн өткөрүлөт
Шатемиров Салык кызматынын орун басары болуп дайындалды
Шатемиров Салык кызматынын орун басары болуп дайындалды
Он айда Кыргызстандын чек арасынан 21.3 млн адам өткөн
Он айда Кыргызстандын чек арасынан 21.3 млн адам өткөн
Матраимов: Тергөө менен кызматташып, мага болгон жалаанын бетин ачууга кызыктармын (видео)
Матраимов: Тергөө менен кызматташып, мага болгон жалаанын бетин ачууга кызыктармын (видео)
Азия-2020: Футзал боюнча Кыргызстандын атаандаштары аныкталды
Азия-2020: Футзал боюнча Кыргызстандын атаандаштары аныкталды
1 миллиард долларлык баңгизат колго түшүрүлдү
1 миллиард долларлык баңгизат колго түшүрүлдү
Президент Абдыганы Эркебаев менен  Бахтияр Салиевди кабыл алды
Президент Абдыганы Эркебаев менен Бахтияр Салиевди кабыл алды