Чүй проспектиси жана Эркиндик бульварында жайгашкан тез тамактануучу жайдан өрт чыкты. Бул тууралуу окуянын күбөлөрү билдирди.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги бул маалыматты тастыктап, өрт саат 14:08де чектөөгө алынып, азыркы учурда толук өчүрүү иштери жүргүзүлүп жатканын кабарлады. Алдын ала маалымат боюнча, 8 адам ар кандай жаракат алган, маалымат такталууда.