Министр Бешик-Жон айылында болду

25-Май 2017, Бейшемби

Эмгек жана социалдык өнүгүү министри Таалайгүл Исакунова жумушчу сапары менен Жалал-Абад обулусундагы Базар-Коргон районундагы Бешик-Жон айыл аймагында болду. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, министр аталган айылда акы төлөнүүчү коомдук жумушка жумушсуз адамдарды тартуу алкагында иштердин жүрүшү менен таанышты.

Долбоордун алкагында “Нагима” бала бакчасы тургузулуп, 2 жаштан 6 жашка чейин 106 бала тарбияланууда. Мындан тышкары таза суу маселеси чечилип, 313 миң сом сарпталган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!