Инвестициялык бизнес-долбоорлорду, инфраструктуралык долбоорлорду жана өнүктүрүү программаларын тандоо боюнча сынак комиссиясы кезектеги жыйынында республикалык бюджеттен аймактарды өнүктүрүү максатында бөлүнгөн 2 млрд сомдун алкагында жалпы суммасы 155 млн 459 миң сомго 19 долбоорду жактырды. Бул тууралуу бүгүн, 11-ноябрда өкмөттүн басма сөз кызматынанан билдиришти.
Маалыматка ылайык, сынак комиссиясынын төрагасы вице-премьер-министр Замирбек Аскаров белгилегендей, долбоорлорду кароодо бекитилген критерийлерди колго алып, аймактардын экономикалык өзгөчөлүктөрүнө көңүл буруу керек. Ошону менен бирге долбоорлорду тандоодо республиканын бийик тоолуу, алыскы, жетүү кыйын болгон жана чек ара аймактарынан келген бизнес демилгелерге артыкчылык берилет.
«Ар бир аймактын өнүгүү үчүн өз дарамети бар. Алсак, Нарын облусунда биз мал чарбачылыгына басым жасайбыз, Ысык-Көлдө туризмге. Аймактарды өнүктүрүүнүн алкагында милдеттер жетиштүү. Башкылардын бири – жаңы ишканаларды ачуу. Бул чечим кошумча жумуш орундарын түзүп, аймактарды өнүктүрүүгө дем берет. Долбоорлордун санына эмес, сапатына көңүл буруу зарыл», – деп баса белгиледи ал.
Кезектеги жыйындагы Сынактык комиссиянын кароосуна Баткен, Талас, Ош, Чүй жана Жалал-Абад облустарынан жалпы суммасы 600,0 млн сомдон ашуун 39 бизнес-долбоор сунушталган.
Айта кетсек, долбоор сынактык комиссиянын кароосуна бардык коштоочу документтер бар болсо гана, тагыраагы облустарда ыйгарым укуктуу өкүлдөрдүн макулдугу жана аймактын финансы институттарынын жетекчилеринин кат түрүндө долбоорду жактыруусу менен киргизилет.
Жалпысынан Кыргызстандын долбоорлорду тандоо боюнча сынак комиссиясы тарабынан 538,3 млн сомго 30 долбоор жактырылган. Жактырылган долбоорлор үзүрлүү ишке ашырылса, аймактарда 1 451 жаңы жумуш орду түзүлөт.