Кара-Жыгачта №47 кесиптик лицейдин курулушуна капсула салынды

Кара-Жыгачта №47 кесиптик лицейдин курулушуна капсула салынды
11-Ноя. 2019, Дүйшөмбү, 17:42

Бүгүн, 11-ноябрда Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков Аламүдүн районундагы Кара-Жыгач айылында курулушу башталган №47 кесиптик лицейдин филиалынын жаңы имаратынын пайдубалына капсула салуу иш-чарасына катышты. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынан билдиришти.

Пайдубалына капсула салуу аземинде сөз сүйлөгөн Жумабеков билим берүү тармагына кошулган салым – өлкөнүн келечегине карата жасалган инвестиция экенин баса белгиледи.

“Бул имарат пайдаланууга берилсе IT-технология тармагы боюнча көптөгөн адистердин билим алып чыгуусуна шарт түзүлөт. Биздин турмушубуз заманбап технологиялар менен тыгыз байланышта экенин эске алганда да, аталган тармак боюнча адистердин арбын болушу өтө маанилүү. Андыктан, ушул имараттан билим алган адистер өлкөнүн жаркын келечеги үчүн кызмат кылат деген ишеничтемин. Муну менен катар ушундай эле окуу мекемелерин өлкөнүн бардык облустарына ачуу мерчемделип жатканын белгилеп кетким келет”,– деди төрага.

Белгилей кетсек, аталган долбоор Катар мамлекетинин кайрымдуулук фонддору тарабынан каржыланып, Кыргызстандын Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы Кесиптик башталгыч билим берүү агенттиги ишке ашырууда. 120-150 орунга ылайыкташтырылган имаратта веб-дизайн, системалык администрация, интернет-технология, программалоо өңдүү багыттар боюнча үч жылдык билим берилет. Студенттер үч маал тамак, стипендия жана жатакана менен камсыздалат. Ошондой эле алар үчүн тиешелүү окуу шарттары түзүлөт.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
Логистикалык борбордун долбоору боюнча иштер планга ылайык жүрүүдө
Логистикалык борбордун долбоору боюнча иштер планга ылайык жүрүүдө
Кытайдагы вирус кайдан келип чыккан?
Кытайдагы вирус кайдан келип чыккан?
Сырганы кантип тандоо керек?
Сырганы кантип тандоо керек?
Билим берүү министрлигине эл ишеними өстү. Бул акыркы 8 жылдагы эң жогорку көрсөткүч
Билим берүү министрлигине эл ишеними өстү. Бул акыркы 8 жылдагы эң жогорку көрсөткүч
Ормонов: Атамекендик дары-дармек өндүрүүчүлөрдүн абалы оорлошуп баратат
Ормонов: Атамекендик дары-дармек өндүрүүчүлөрдүн абалы оорлошуп баратат
“Франкурт жана Майне”. Бул ирет вице-спикер шаардын атын туура эмес айтып алды
“Франкурт жана Майне”. Бул ирет вице-спикер шаардын атын туура эмес айтып алды
Журналист Канышай Мамыркулова Жеңиш Разаковду сотко берди
Журналист Канышай Мамыркулова Жеңиш Разаковду сотко берди
Үй шартында өзүңүз эле тоник жасап алыңыз!
Үй шартында өзүңүз эле тоник жасап алыңыз!
Өрт өчүрүүчү учак кыйрады
Өрт өчүрүүчү учак кыйрады
Туманга байланыштуу «Манас» аэропортундагы каттамдар жылдырылды
Туманга байланыштуу «Манас» аэропортундагы каттамдар жылдырылды
​Криштиану бир колуна эле 800 миң долларды тагынды
​Криштиану бир колуна эле 800 миң долларды тагынды
Россияда каза болгон жарандардын үчөө кыргызстандык экени аныкталды
Россияда каза болгон жарандардын үчөө кыргызстандык экени аныкталды
Брекзит: 47 жылдан берки биримдик соңуна чыкканы калды
Брекзит: 47 жылдан берки биримдик соңуна чыкканы калды
Челябинскте кыргызстандык унаа жол кырсыгына учурап, 5 адам кайтыш болду
Челябинскте кыргызстандык унаа жол кырсыгына учурап, 5 адам кайтыш болду
Франкурт-На-Майне. Төрага Германиядагы шаардын аталышын туура окуду (видео)
Франкурт-На-Майне. Төрага Германиядагы шаардын аталышын туура окуду (видео)
Сууга лимон кошуп ичүү ден соолукка пайдалуу
Сууга лимон кошуп ичүү ден соолукка пайдалуу