Президент чекисттерге батир ачкычтарын тапшырды

25-Май 2017, Бейшемби

Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн, 25-майда Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынын (УКМК) кызматкерлери үчүн жаңыдан курулган батирлердин ачкычын тапшырды.

Куттуктоо сөзүндө мамлекет башчысы чекисттерди жаңы конушу менен куттуктап, бүгүн алар жана алардын үй-бүлөлөрү үчүн чыныгы майрам экенин белгиледи.

«Албетте, бул мен үчүн да майрам, анткени, башта кандай кыйын болгону эсимде. Биздин күч кызматтары үчүн турак үй кура баштарыбызга көп адамдар ишенген эмес. Бүгүн болсо күч кызматкерлерине көп батирлүү үйлөрдү куруу кадыресе көрүнүшкө айланды, бул иш системалуу мүнөзгө ээ болду жана өлкө улам өнүккөн сайын күчөө үстүндө болот»,-деди Атамбаев.

Ошондой эле ал УКМК кызматкерлерине кызматы үчүн ыраазылыгын билдирип, алардын ак ниет ишине жараша атайын кызматтардын беделин арттыруу, жарандардын коопсуздугун камсыз кылган түзүмдөрдү калыптандыруу мүмкүн болгонун белгиледи.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!