Жээнбеков:"Экологиялык дипломатияны күчөтүү боюнча милдеттер коюлат"

Жээнбеков:
12-Ноя. 2019, Шейшемби, 11:00

Бүгүн, 12-ноябрда "Тышкы иштер министрлигине 75 жыл. Кыргызстандын Бириккен Улуттар Уюму менен кызматташуусунун жыйынтыктары жана келечеги» форумунда президент Сооронбай Жээнбеков: "Биздин дипломаттарга жана мамлекеттик органдарга жаңы багыттагы иштерди - экологиялык дипломатияны күчөтүү боюнча жаңы милдеттер коюлат", - деп баса белгиледи.

Мамлекет башчысынын айтымында, учурда бардык өлкөлөр экономикалык ишмердүүлүктү курчап турган чөйрөнү коргоо принциби менен айкалыштыруу жолдорун издеп жатышат.

"Өзүнүн көп кылымдык тарыхында кыргыз эли коңшу өлкөлөр жана жаратылыш менен гармонияда жашоо ыгын ырааттуу сактап калды. Бул маданий мурасыбыз башкалар үчүн кызыгуу жаратат. Биздин өлкө глобалдык экологиялык коркунучтарды токтотуу боюнча дүйнөлүк коомчулуктун ишине барган сайын жигердүү аралашууда. Эл аралык экологиялык процесстердин активдүү катышуучусу болуп эсептелет.Анткени Кыргызстанга - тоолуу өлкөгө, климаттык өзгөрүүлөрдүн таасири курч сезилет. Климаттын өзгөрүшү мөңгүлөргө, суу ресурстарына таасир этет, өлкөнүн тоолуу райондорунда табигый кырсыктардын өсүшүнө алып келет",- деди Жээнбеков.

"Кыргызстан климаттын өзгөрүшүн - экосистема жана адамдар үчүн олуттуу коркунуч катары тааныйт. Ошондуктан Климаттын өзгөрүүсү боюнча Париж макулдашуусун ратификациялаган мыйзамга кол койдум. Бул Макулдашууну ишке ашыруу үчүн биздин салымыбыз төмөнкү багытта болот. Бүгүн биздин өлкөдө экологиялык таза электр энергиясына өтүү үчүн олуттуу потенциал бар. Кыргызстанда ГЭСтердин курулушу боюнча долбоорлорду ишке ашыруу - Борбордук Азия өлкөлөрүнүн, Афганистандын жана Пакистандын гидроэнергияга болгон керектөөсүн бир кыйла деңгээлде камсыз кылат. Бүтүндөй ири регионду туруктуу өнүктүрүү жана экологиялык зыян ресурстарды колдонууну азайтуу үчүн жагымдуу шарттар түзүлөт. Климаттын глобалдык ысып кетүүсүн басаңдатууга салым кошот. Глобалдык масштабда бул Макулдашуунун маанилүү жана зарыл экенин өзгөчө белгилейм",- деп кошумчалады мамлекет башчысы.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
Гүлнара Каримованын адвокатына Өзбекстанга кирүүгө тыюу салынды
Гүлнара Каримованын адвокатына Өзбекстанга кирүүгө тыюу салынды
Анжелика Кайратова: Ушакчылардын уялаар күнү да болот
Анжелика Кайратова: Ушакчылардын уялаар күнү да болот
Путиндин
Путиндин "өзөктүк" сумкасын ачык көрсөтүштү
Жаңы жылга даярданып жатасызбы?
Жаңы жылга даярданып жатасызбы?
Жаңы айдоочулук күбөлүктөр бериле баштады
Жаңы айдоочулук күбөлүктөр бериле баштады
Жээнбеков расмий визит менен Бириккен Араб Эмираттарына учуп кетти
Жээнбеков расмий визит менен Бириккен Араб Эмираттарына учуп кетти
"Селсаяк" рейдинин негизинде 17 жаран текшерилди
Бырыш түшкөн колду жашартуучу маска
Бырыш түшкөн колду жашартуучу маска
​Орусия мушкерлери Олимпиадага желексиз катышуудан баш тартты
​Орусия мушкерлери Олимпиадага желексиз катышуудан баш тартты
Хива шаары Түрк дүйнөсүнүн борбору болду
Хива шаары Түрк дүйнөсүнүн борбору болду
Ат-Башыда индустриалдык-соода-логистикалык борбору курулат
Ат-Башыда индустриалдык-соода-логистикалык борбору курулат
Кайсы уюлдук телефондордо “WhatsApp” функциясы иштебейт?
Кайсы уюлдук телефондордо “WhatsApp” функциясы иштебейт?
Унаасына жасалма номер тагып айдагандарга айып пулду көбөйтүү сунушталды
Унаасына жасалма номер тагып айдагандарга айып пулду көбөйтүү сунушталды
Кыргызстандын муфтийи Берлинде өткөн Эл аралык форумга катышууда
Кыргызстандын муфтийи Берлинде өткөн Эл аралык форумга катышууда
Трампка импичмент жарыялоо беренеси эки айыптоодон турат
Трампка импичмент жарыялоо беренеси эки айыптоодон турат
​Гүлжигит Алыкулов “Кайраттын” сунушунан баш тартты(видео)
​Гүлжигит Алыкулов “Кайраттын” сунушунан баш тартты(видео)