34 жаштагы жаран уурулукка шектелүүдө

25-Май 2017, Бейшемби

Тоң районунун тургуну уурулукка шектелип кармалды. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук Ичики иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Ысык-Көл облусунун аймагында жүрүп жаткан «Бандит» жана «Нелегал» иш-чаралардын алкагында Тоң РИИБнүн ыкчам кызматкерлери тарабынан Ак-Суу районуна караштуу Отрадное айылынын 34 жаштагы А.Э. аттуу тургуну мал уурдоого шектелип кармалды.

Милиция кызматкерлери тактагандай, уурулукка шектелип кармалган адам февраль айынын баш ченинде Тоң районунун Кара-Талаа айылынан бир баш кунажынды жана май айынын алгачкы күндөрү ушул эле райондун Ак-Өлөң айылына караштуу «АБЗ» участкасынан 2 баш музоо уурдагандыгына катыштыгы бар экендиги аныкталып жатат.

“Аталган фактылар боюнча Тоң РИИБнүн тергөө кызматы тарабынан КЖКнын “мал уурдоо” беренеси менен кылмыш иштери козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат”,- деп айтылат билдирүүдө.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!